• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жапаров: Быйыл соцобъектилердин курулушуна каражаттар өткөн жылга караганда эки эсе көп бөлүндү

Президент 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. “Мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка жаңы социалдык объектилерди куруу, башталып калгандарын бүткөрүү үчүн быйыл 13 млрд сом бөлүп жатабыз. Бул 2021-жылга караганда дээрлик эки эсеге көп”,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы ошондой эле, өлкөбүздө эң маанилүү болгон энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн быйыл 12,5 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи. Салыштыруу үчүн айтсак, 2021- өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна 3,4 млрд сом эле бөлүнүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий