• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президент чет өлкөдө иштеген авиакомпанияларды текшерип, талапка жооп бербегендерге катуу чара көрүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 02.11.24. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстанда авиацияны өнүктүрүүгө жана авиация тармагынын коопсуздугунун стандарттарын жогорулатууга басым жасалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, улуттук авиациялык системаны ачык-айкын, ишенимдүү жана эл аралык талаптарга толук шайкеш келтирүү үчүн олуттуу иштер жасалды.

Бул аракеттердин бири Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин бир жыл ичинде Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) коопсуздук боюнча эки аудитинен (учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздугу) ийгиликтүү өтүшү болуп саналат.

"Биздин башкы милдетибиз – чет өлкөдө иш алып барган авиакомпанияларга катуу көзөмөл орнотуп, алардын ар бир учуусу мамлекеттин жана эл аралык коомчулуктун талабына толук жооп берерине кепилдик берүү.

Судан Республикасында мурда Кыргыз Республикасынын каттоосунан чыгарылган Ил-76 учагы менен болгон соңку окуя натыйжалуу жана үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүнүн зарылдыгын курч коюп жатат. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда катталган айрым авиакомпаниялар чет өлкөдө гана рейстерди аткарып, кээде кооптуу аймактарда учаары аныкталды. Мындай иш-аракеттер бизде бул авиакомпаниялар эмне ташып жаткандыгы жана алардын максаттары тууралуу олуттуу жана негиздүү суроолорду жаратат.

Биздин максат – Кыргызстандын туусу алдында иш алып барган ар бир авиакомпаниянын өз ишмердүүлүгүн толук ачыктуулук жана эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык жүргүзүүсүн камсыздоо.

Бул окуя авиакомпаниялардын чет өлкөдө аткарган ар бир учуу ишине катуу жана үзгүлтүксүз көзөмөл киргизүү зарылдыгын баса белгилейт, анткени мындай көрүнүштөр Кыргызстандын Европа биримдигинин кара тизмеден чыгуу аракеттерине түздөн-түз коркунуч жаратууда", - деп белгиледи өлкө башчысы.

Мындан улам Садыр Жапаров тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга чет өлкөдө гана иш жүргүзгөн авиакомпанияларды кылдат жана тез арада текшерип чыгып, талапка жооп бербегендерге катуу чара көрүүнү жана президенттин тиешелүү жарлыгын даярдоону тапшырганын айтты.

"Келечекте биз бул багыттагы көзөмөлдү күчөтүү менен гана чектелбестен, авиация тармагында коопсуздуктун жогорку стандарттарын ыкчам жана натыйжалуу ишке ашырабыз. Кыргыз Республикасынын авиациялык чөйрөсүн эл аралык коомчулук алдында ачык-айкын, коопсуз жана ишенимдүү деңгээлде чыңдоого чечкиндүү кадам таштайбыз", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий