• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Президент дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды

Президент 0

Бишкек, 26.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров дайынсыз болгон Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундарын издөөнү күчөтүүнү тапшырды.

Өлкө башчысынын тапшырмасы менен Жумгал районунун Өрнөк айылынын дайынсыз жоголгон тургундарын: 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б. издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кошумча күчтөрү тартылды.

Издөө натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дрондор дагы колдонулмакчы. Учурда издөө иштери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат.

Белгилей кетсек, Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундары 16-октябрь күнү мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Пикир

Оставить комментарий