Президент: ЕАЭКтин аймагында эмгектенгендерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча ишти улантуу маанилүү

Президент 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. «Биримдиктеги өлкөлөрдүн аймагында эмгектенгендерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча ишти улантуу маанилүү», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин (ЕЭЖК) үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыктоочу видеоконференция форматындагы жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы евразиялык интеграциянын алкагында бирдиктүү эмгек рыногу маселесине көңүл бурду. Ал Биримдиктеги өлкөлөрдүн аймагында эмгектенгендерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча ишти улантуу маанилүү экенин белгиледи.

«Айрыкча азыркы эпидемиологиялык кырдаалда иштеп жаткан жарандарыбыз жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, кайсынысы болбосун, ар бир мүчө-мамлекеттердин аймагында социалдык жактан коргоонун толук кепилдигине ээ болушу керек. Атап айтканда, биз алардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына да, биздин өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан эмдөөлөргө да жеткиликтүү болушун камсыз кылышыбыз керек», — деп айтты Президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий