• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Президент Эдил Байсаловго жана маданият министри Алтынбек Максутовго эскертүү берди

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Эдил Жолдубаевичке жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Максутов Алтынбек Аскаровичке эскертүү берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бул чечим Сербиядан Кыргызстанга кайтып келген Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерин тосуп алууну жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий