• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Президент эки жылда эмне иштерди аткарды — тышкы карыз

Коом 0

Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти кызматына киришкенине эки жылдан ашып калды. Бул аралыкта мамлекетте жасалып жаткан жумуштар байкалып, көзгө көрүнүп калды. Аны карапайым калк билип, баа берип жатат.

Мамлекеттин тышкы карызы боюнча

2023-жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд долларды түздү. Мамлекеттин аны төлөөгө кудурети жетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.

Учурда мамлекеттин ички жана тышкы карызы тууралуу көп талкуулар болуп жатат. Бул бүгүн алынган карыз эмес, мамлекет эгемендик алган жылдардан бери топтолгон. Ушул аралыкта алынган карыздардын төлөө мөөнөтү бүгүнкү мезгилге туура келип жатат. Башкача айтканда, мурдагылар алган карыздарды азыркы Садыр Жапаров башында турган бийлик төлөп баштады.

Буга чейин алынган ири суммадагы карыз, тилекке каршы, максатуу жумшалган эмес. Милларддаган долларлар алынса дагы, көзгө көрүнөрлүк бир долбоор бүткөн жок. Алынган карыздын эң көп бөлүгү энергетика тармагына жумшалган. ГЭС курулуп же эскирген жабдууларды жаңылоого эмес, тариф саясаты саясатташып кетип, тарифти көтөрүүдөн корккон бийлик, эптеп өз мөөнөтүн тынч өткөрүү үчүн алынган акчалар менен энергетикалык таңкыстыкты жаап келишкен.

Учурда тышкы карызды төлөө мөөнөтү келип, эң көп сумманы берип баштадык. Бул учур коронавирус илдетинен кийин, бүт дүйнө кризиске кабылып, карызга баткан жылдарга дал келди. Алардын катарында Кыргызстан дагы оңой эмес сыноолорду башынан өткөрдү. Пандемиянын эпкининен тышкары, эки жолу чек арага байланышкан куралдуу кагылыштан миллардаган каражаттар Баткенди кайра калыбына келтирүүгө жумшалды. Ага карабай карыз өз убагында төлөнүп жатат.

Бүгүн мамлекет экономикалык сыноолор болуп жаткан кезде кайра шыктанып, экономикасын түздөп, ири долбоорлор менен алек.

Кыргызстандын тышкы карызы өсүп, аны төлөө мөөнөтү шайды алып турган маалда мамлекет эмне кылып жатат?

• Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштап жатат
• “Камбар-Ата 1” эң кубаттуу ГЭСинин курулушун баштап жатат
• 53 миллард сомдон ашык каражатка аскердик техникалар жаңыланды
• Жол куруу жана оңдоо үчүн 669 жаңы техника сатып алып жатат
• Жаңы автобустар алынды
• Жаңы жолдорду куруу, оңдоо үчүн 2023-жылга эң көп каражат бөлдү
• ӨКМге жаңы өрт өчүрүүчү, куткаруучу техникалар, тик учактар сатып алынды
• Миңдеген муктаждыгы бар жарандар үчүн ипотекалык турак жайларды курууда.
• Жүздөгөн оорукана, мектеп, балдар бакчалары, спорт залдар, имараттар курулууда. Быйыл 204 мектептин курулушу башталып, анын жүздөн ашыгын жыл аягына чейин бүтүрүү тапшырмасы берилди
• Ротация болгон жетекчилерге кызматтык үйлөрдү куруп, жаңы кызматтык унаалар тапшырылууда
• Мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин, дарыгерлердин айлыктары жогорулады
• Пенсия, пособие жана жөлөк пулдардын көлөмү өстү

Пикир

Оставить комментарий