Президент Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Президент 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өлкөнүн Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысынын сөзүндө төмөнкүдөй айтылат:

«Финансы-экономикалык чөйрөнүн урматтуу кызматкерлери!

Өлкөбүздүн финансы тутумун өнүктүрүүгө салым кошкон кадырлуу ардагерлер!

Ардактуу мекендештер!

Быйыл эгемен Кыргызстаныбыздын тарыхында олуттуу орду бар, тарыхый салмагы чоң мааракелер белгиленгени турат. Биз азыркы жаш муун өкүлдөрүнө, ошол орошон тарыхый окуяларды белгилеп, маани-маңызын ачып бербесек, ата-баба салтын аттаган болобуз. Санжыргалуу кыргыз тарыхын сыйлабастык болоор. Акыры түбү эл-журту менен Ата Мекенинин тарых-таржымалын билбеген муундун өсүп чыгышына себепкер болуп, улутубуздун улут болуп сакталып калышына кедергибиз тиер. Мына ошондуктан, бабалардын басып өткөн байсалдуу жолуна баам салып, токтолуп, баса белгилеп өтчү окуяларга бөтөнчө мамиле кылуубуз кажет.

Мына ошондой тарыхый учурлардын бири – азыркы Кыргызстандын жаралышынын башаты болгон Кара Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына утурлай келген Кыргызстандын Финансы министрлигинин 100 жылдык мааракесинде мен сиздер менен жүз көрүшүп турганыма кубанычтамын.

100 жыл тарых үчүн бир бүркүм мезгил болгону менен, биздин мамлекетибиз өзүнүн өнүгүү жолунда көптөгөн оош-кыйыштарга дуушар болуп, татаал кырдаалдарды башыбыздан кечирди. Бекеринен элибизде “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деп айтылбаган чыгар. Андыктан эң алды сиздерди бүгүнкү орчун окуя – Финансы министрлигинин 100 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын!

Дегеле финансы системасы өлкөнүн өнүгүшүн шарттай турган башкы критерий. Бир кылымдык таржымалында Финансы министрлигинде, ак менен кара катар жүргөндөй эле, жетишкендиктери менен кошо жоготуулары дагы болду. Кандай болгон күндө дагы министрликтин өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүндө өзгөчө орду бар. Жалпысынан алганда министрликтин максаттуу иш-аракеттери менен стратегиялык чечимдери мамлекеттин экономикалык жана социалдык туруктуулугуна оң таасирин тийгизди. Коомубуздун турмушуна негиз салуучу ролду ойной алды: экономикабыздын бардык чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүгө, социалдык программаларды ишке ашырууга, ошондой эле өлкө жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болду.

Кара-Кыргыз автономиялык облусу түзүлгөндөн соң, “Атын атасы, куту сүйүнөт” деген накыл кептегидей, Ревкомдун токтомунун негизинде облустук финансы бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган Федор Сокуренко, андан кийинки мезгилдерде мамлекеттин маанилүү тармактарынын бири болгон финансы системасында жаратмандык иштери менен аттары коомчулукка кеңири таанылган Гафар Кошмуратов, Акматбек Сүйүнбаев, Алиаскар Токтоналиев, Керимжан Кунакунов жана башка аталарыбыздын ысымдарын атай кетпесек болбос.

Ал эми эгемендик жылдарында доор алмашып, бир калып менен келаткан финансы системасы жаңы бурулуштарга, өзгөрүүлөргө дуушар болуп, сынаакы мезгилди да башынан кечирди. Бир топ эл аралык ыкмалар, программалар, долбоорлор сыналып олтуруп, мол тажрыйба топтоо менен такшалып жүрүп отурду.

Урматтуу мекендештер!

Биз тармактарга жетекчилерди дайындоодо ошол системанын бардык баскычтарын басып өтүп дасыккан кадрларды тандаганга аракет кылып келебиз. Кандай гана тармак болбосун ичинен суурулуп чыккан, системанын ийне-жибине чейин билген мамлекеттик кызматкер ошол тармакта олуттуу реформаларды жасоо менен натыйжалуу башкара алат деп ишенем. Айрыкча, мамлекеттик каржыны башкарууда кесипкөй жетекчилер менен натыйжалуу реформалар өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн шарттаарын жакшы билесиздер.

Мындан улам, Финансы министрлигинин кесипкөй жамааты мамлекеттик каржыны башкарууда көптөгөн ийгиликтерди жарата алды деп айтууга толук негиз бар.

Акыркы үч жылдагы санариптештирүү, фискалдаштыруу жана бажы-салыктык реформалар сыяктуу жаңы демилгелер салыктык-бюджеттик саясаттын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизди. Натыйжада бюджетке түшүүлөрдүн олуттуу өсүшү байкалууда. Тактап айтканда 2021-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта салыктык кирешелер дээрлик эки эсеге өстү.

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүүсү жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу саясатын ишке ашыруу үчүн негиз болуп берди. Бул багытта 2022-жылы бюджеттик чөйрөдө эмгек акынын өлчөмү масштабдуу көбөйтүлдү, пенсиялар менен жөлөкпулдар сезилерлик жогорулатылды. Мындан тышкары, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган каражаттардын көлөмү өстү.

2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,8 млрд сомду түзгөн. 3 жылдан кийин бюджеттин көлөмү 577 млрд сомго чыкты. Ал эми 2024-жылы Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин көлөмү 670 млрд сомго чыгат деп болжолдоп жатабыз. Ошондо дээрлик 400 млрд сомго көтөргөн болобуз.

Бюджеттин каражаттары жылдап көйгөй жаратып келген социалдык объектилерди, авто жолдорду, ирригациялык курулмаларды, каналдарды куруу жана оңдоп-түзөө, ошондой эле региондордун инфратүзүмүн жакшыртуу жана мамлекеттик компаниялардын уставдык капиталын көбөйтүү сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, эки жолку “Элдик курултайда” тең делегаттардын басымдуу бөлүгү дал ушул белгиленген маселелерди көтөрүп чыгышкан.

Ошентип, өзүңүздөр байкагандай, мамлекеттин бюджетинде түзүмдүк жагынан да, көлөм жагынан да өзгөрүүлөр болду. Мурда ири долбоорлор тыштан карыз алып жүзөгө ашырылып келген болсо, азыр өзүбүздүн ички ресурстарыбыздын эсебинен пайдаланып, ишке ашыруудабыз. Натыйжада фискалдык өзгөрүүлөр кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттин бюджетинин экономикадагы үлүшүн чоңойтуп жатат. Бюджеттин кирешесинин өсүүсү элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча саясатыбызга салмактуу негиз болуп берди. Ал чоң-чоң долбоорлордон тартып, жарандарды социалдык колдоо чөйрөсүнөн дагы байкалууда. Албетте, мунун баары биздин Финансы министрлигибиздин туура эсеп-счет жүргүзгөндүгүнөн болуп жатат.

Ардактуу маараке ээлери – финансы чөйрөсүнүн жалпы кызматкерлери!

Биз ресурстар менен кирешелерди социалдык катмарларга адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыздашыбыз абзел. Болбосо улуттук байлыктын, улуттук кирешенин коомдун мүчөлөрүнүн арасында адилеттүү бөлүштүрүлбөй, же болбосо кандайдыр бир топтогу адамдар жомоктогудай бай жашап, калгандары жакыр болуп калган учурда экономикалык чоң көйгөй жараларын баарыбыз жакшы билебиз.

Эми көнүмүш адатка айланып бара жаткан социалдык багыттагы бюджетти экономиканы өнүктүрүүгө багытталган бюджетке айландыруу зарыл.

Айыл чарба, кайра иштетүү, кызмат көрсөтүү тармактарында жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн акционердик коомдорду капиталдаштыруу экономикага оң таасирин тийгизет.

21-кылым технологиянын кылымы экени баарыбызга маалым. Мамлекеттин түптөлүшүнө, туруктуулугуна доо келтирген жана финансылык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүү менен тоскоол болгон коррупция, паракорлук, тааныш-билиш сыяктуу жарааттардан биротоло арылуу үчүн биз өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында мамлекеттик башкаруунун бардык тармактарында жаңы инновациялык жана санариптик технологияларды колдонууга толук өтүүбүз мезгилдин талабы!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык чөйрөсүнүн кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Өлкөбүздүн финансы чөйрөсүндөгү аталган жетишкендиктер менен бирге ишке ашырыла турган пландар жаркын келечекке болгон ишенимди арттырат! Жаңы бийиктиктерге умтулуу менен жолубузду улантууга күч берет!

Калктын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган ишиңиздердин үзүрүн көрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон зор салымыңыздар келечектеги муундар сыймыктанып айта турган мурас болуп кала берсин!

Мааракеңиздер кут болсун!

Ишиңиздерди жалаң жаратман ийгиликтер коштосун!

Бар болуңуздар!

Көңүл бурганыңар үчүн чоң ыракмат!».

Пикир

Оставить комментарий