Президент финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу финансы жана экономика системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Бүгүнкү күндө Кыргызстан чечкиндүү реформалар аркылуу олуттуу ийгиликтерге жетишип, өлкөдө социалдык, экономикалык жана саясий өзгөрүүлөр болуп жатат.

Макроэкономикалык чөйрөдө дагы алга умтулуулар байкалууда: каржылык жана экономикалык өсүштүн оң темпи, инвестициялык жигердүүлүктүн жандануусу, экономикалык өнүгүү туруктуу мүнөзгө ээ болду.

Ал эми ички дүң өнүмдүн көлөмүнүн өсүшү калктын жашоо деңгээлине белгилүү бир таасирин тийгизүүдө. Өткөн жылы өлкөнүн номиналдык ички дүң өнүмү 1228,9 млрд сом болуп, реалдуу өсүү темпи 106,2%ды түздү. Бул дүйнөлүк экономикалык кыйынчылыктардын фонунда жакшы жыйынтык.

Мамлекеттин коомдук активдери 824,2 миллиард сомду түзүп, акыркы 3 жылда эки эсеге өстү. 2024-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 670 миллиард сомду түзөт деп болжолдонууда.

Албетте, мындай ийгиликтер сиздердин тандаган кесибиңерге берилүү менен мамиле жасаган, талбаган эмгегиңиздердин, мол тажрыйбаңыздардын жана кесипкөйлүгүңүздөрдүн натыйжасы.

Биз бүгүнкү күндө ар бир ишкердин туруктуу чөйрөдө өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн ар тараптан кам көрүүнүн аракетиндебиз. Бул акыры бүтүндөй каржы жана экономика тармактарын өнүктүрүүгө салым кошот. Мындан улам, макроэкономикалык туура саясат жүргүзүү, ишкерлер менен жарандарыбызга жагымдуу шарттарды түзүү – биздин экономика чөйрөсүндө артыкчылык берген багыттарыбыздын бири экенин баса белгилеп кетейин.

Кыргызстан соңку жылдарда чет элдик инвестиция үчүн жагымдуу өлкөгө айланууда. Өнүккөн өлкөлөрдүн ири ишканалары менен кызматташуу чыңдалып, өндүрүштүк кубаттуулуктар кеңейип, өлкөдө капиталды көп талап кылган ишканалардын саны өсүүдө. Мында дагы сиздердин ар бириңиздердин эмгегиңиздер зор.

Өлкөбүздүн каржы жана экономика жаатындагы өнүгүүнүн пайдубалын түптөп, азыркы учурга фундаменталдуу экономисттер менен финансисттерди таптап чыгарган, мол тажрыйбага тунган бул тармактардын ардагерлерине да ыраазычылык билдире кетейин.

Урматтуу финансы жана экономика системасынын кызматкерлери!

Сиздердин каржылык туруктуулукту чыңдоого, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана элдин турмуш шартын жогорулатууга жан үрөгөн аракетиңиздер менен бүгүнкү ийгиликтер жаралууда.

Ошентсе да Кыргызстандын каржы жана экономикасынын бардык тармактарын өнүктүрүүдө жаңы сапаттык деңгээлге чыгуу үчүн алдыда дагы көптөгөн иштерди аткаруубуз зарыл. Мен сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө жана мекенчилдигиңиздерге ишенем.

Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!

Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм”.

Пикир

Оставить комментарий