Бишкек, 29.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасынын жана Япониянын улуттук курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке барды.
Кыргызстан менен Япониянын курама командаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Бул оюн 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өттү.
Пикир
Оставить комментарий