• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Садыр Жапаров футбол боюнча улуттук курама команданы колдоо үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго келди

Президент 0

Бишкек, 29.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Япония курама командасы менен беттеште Кыргызстандын курама командасын колдоо үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго келди.

Стадионго Мамлекет башчысы менен бирге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана башка мамлекеттик кызматкерлер келишти.

Бул иш-чара өлкө жетекчилигинин спортко болгон көңүл буруусун жана улуттук командаларды колдоосун дагы бир жолу көрсөтүүдө.

Белгилүү болгондой, Президент Садыр Жапаровдун кыргыз футболчуларын колдоп, стадионго баруусу жакшы салтка айланган.

Бүгүнкү беттеш Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктайт деп ишенебиз.

Пикир

Оставить комментарий