Садыр Жапаров: Мен ишкерлик менен мамлекеттин өз ара аракеттенүү маселесинде калыс болууга даярмын

Президент 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 6-июнда, ишкерлер менен контролдук-кассалык машиналарды, электрондук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчы белгилегендей, акыркы үч жылдан бери мамлекет бюджеттин эсебинен каржыланган социалдык программаларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Ал эми мамлекеттик бюджет негизинен салык жана бажы төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлөт.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров баса белгилегендей, салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор көмүскө экономиканы кыскартууга, адилетсиз атаандаштыкка каршы күрөштө керектөөчүлөрдүн жана салык төлөөчүлөрдүн катышуусун арттырууга, мамлекет менен ишкерликтин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, ошондой эле өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган.

Президент буга чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга салык төлөөдөн качуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу, ишкерлик процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана салык чогултууну көбөйтүү боюнча тапшырмалар берилгенин эске салды. Бул маселеде ишкерлердин үлүшү зор экенин эске алуу менен Садыр Жапаров бул жолугушууну өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, анда ишкерлер кызыккан суроолоруна толук жооп ала аларын белгиледи.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жыйындын катышуучуларына кайрылып, салык жыйноону жакшыртуу максатында салыктык башкаруу тутумун модернизациялоо, коррупцияга каршы күрөшүү, ачык-айкындуулукту жакшыртуу жана салык мыйзамдарын сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтып берди.

Ал буга чейин өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча ишкерлердин бардык сунуштары эске алынганын белгиледи. Ошондой эле тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, Салык кодексинде атайын өзгөчөлөнгөн режимдер бекитилген.

Өз кезегинде жолугушууга чакырылган ишкерлик коомчулуктун өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан салык реформасына колдоо билдиришип, соода ишмердүүлүгү менен алектенген жарандар көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга даярдыгын маалымдашты.

Муну менен бирге алар электрондук товардык коштомо кагазды колдонбоо үчүн айып салуу мөөнөтүн жылдыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен Президентке кайрылышкан.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов электрондук коштомо кагаздарды колдонбоо үчүн айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганын баса белгиледи. Мындан тышкары, ишкерлер салык кызматынын жаңы киргизүүлөрүн колдонууда келип чыккан кыйынчылыктар тууралуу билдиришти.

Мамлекет башчысы маалыматты уккан соң, ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү жана кеңештерди берүү үчүн салык кызматынын адистеринин өлкөнүн бардык базарларында ар дайым болушун уюштурууну тапшырды. Мамлекет көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн бардык шарттарды түзүшү керек. Бул багытта ишкерлик менен түз диалогду камсыздоо маанилүү.

Президент Садыр Жапаров ишкерлик өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү экенин ырастап, бизнес менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүү маселесинде калыс болууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий