Президент Кадамжай районуна жаңы аким дайындады. Өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Баяке уулу Болоткан Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, 30 жаштагы Баяке уулу Болоткан эки күн мурун президент кызматтан алган Кутпидин Шакировдин ордуна аким болуп келди.


Болоткан Баяке уулу 1993-жылдын 8-октябрында Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Ысык-Көл кооперация институтунан “финансы жана кредит”, “К.И.Скрябин атындагы агрардык университетинен”, “Агроном” адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

  • Төш-Булак айыл өкмөтүндө экономист-статист;
  • Гавриловка айыл өкмөтүндө аскердик каттоо инспектору;
  • "Таза Сокулук" муниципалдык ишканысында башкы инженер;
  • Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары;
  • Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары кызматтарында эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий