• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Президент карындашы Лаззат Нургожоеванын айланасындагы талкуулар боюнча комментарий берди

Президент 0

"Кабар" агенттиги өлкө башчысы менен кезектеги маегин курду. Анда агенттик президенттин жакындары тууралуу коомчулукта талкуу жаратып жаткан маселелер боюнча суроо узатып, жооп алды.

Карындашыңыз Лаззат Нургожоеванын жигити тик учак менен тоого барып, чоң шаан-шөкөт менен колун сураганы социалдык тармакта ар кыл талкууларга жем таштады. "Өлкө жетекчилеринин жакындары башкаларга үлгү болушу керек, тик учак жалдоого баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок да, ӨКМге тик учактар ушул үчүн алынды беле?" дегендер да болду. Анын үстүнө ысырапкорчулукту токтотолу деп айтып келесиз. Ушул маселе боюнча сиздин пикирди билсек?

Ооба, туура айтасыз. Өлкө жетекчилигинин жакындары башкаларга үлгү болушу керек. Ысырапкорчулукту токтотолу деп какшап келе жатам. Эң жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгон атса, элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Жөнөкөй жол менен эле келип колун сураса, бири-бирин жактырып аткандан кийин баш тартмак эмес да.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч башка түрүн алып бергенбиз. Баары жаңы.

Мейли кайсы мекеме болбосун, бирди эки, экини үч кылып кетиш керек. Алдыга жылуу, өнүгүү болуш керек. Ошол үчүн тик учактарды мамлекеттин ишине керектөө мезгилинен сырткаркы убактарда коммерциялык багытта да иштеткиле деп уруксат бергенбиз.

Азырынча учактар жаңы кезинде өздөрүн актап, өздөрүнүн ордуна экинчи, үчүнчү учактарды алып келиш керек. Учпай тура берсе, мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учактар учууга жараксыз болуп калат.

Ошондуктан мейли жөнөкөй жаранбы, бизнесменби, мейли туристпи, мейли инвесторбу тик учактарды ижарага алам десе, мамлекет кубануу менен беребиз. Анткени ижарага берүүдөн түшкөн ар бир тыйын мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга топтолот. Ошентип авиапарк улам жаңыланып турат.

Антпесек кийин, 2020-жылга чейинкидей, өлкө боюнча бир дагы тик учагыбыз калбай калат. Азыр Кудайга шүгүр, жалпы жыйырмага жакын тик учагыбыз бар.

Ижарадан түшкөн акчаларга улам жаңы тик учактарды сатып алып турабыз. Буга чейин да айтканбыз, азыр да айтам, кимге тик учак керек болсо буюртма берип, өлкөбүздүн каалаган жерине учуп барып-келип турса болот. Мындан мамлекет пайда гана табат.

Жакындарыңыз өздөрүнүн жеке жашоосун коомчулукка жарыялоодо сиз менен кеңешеби, же сиз аларга эң жогорку мамлекеттик кызматыңызды эске алып, кандайдыр бир талаптарды коесузбу? Анткени буга чейин да Лаззат Нургожоева соцтармакта унааларын, иштеген жеринин сүрөттөрүн жарыялап, талаш-тартыш менен коштолгон талкууларды жаратты эле?

Албетте, бир-туугандарыма жана алардын балдарына катуу талаптарды коем. “Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле” деп дайыма эскертип келем. Кийлигиштирбейм.

Баягы элибиздеги “Күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат.

Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм.

Ал дагы элдин сын-пикирин угуп жатат, алардан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем. Анын үстүнө турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө курганы турат, эми баарын алдын ала акыл калчап иш кылышат деп үмүттөнөм.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин башкы директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий