• 87
  • 90.43
  • 0.88

Президент хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышына старт берди

Президент 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, хоккей боюнча 2022-жылдагы IV дивизиондогу дүйнө чемпионатынын расмий ачылышына старт берди.

Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосундагы масштабдуу иш-чара Бишкекте биринчи жолу өтүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатканына өзү эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли кубанып жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров жалпыга белгилүү болгондой спортто күчтүүсү жеңерин белгиледи. Андыктан ал бардык катышуучуларга ийгилик жана күчтүүлөрү жеңишке жетүүсүн каалады.

Мамлекет башчысы курама командалардын капитандары менен учурашып, символикалык түрдө шайбаны оюнга ыргытып, ошону менен чемпионат старт алды.

Чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи “Бишкек-Арена” спорт комплексинин базасында өттү.

Турнирге Кыргыз Республикасынын, Кувейт мамлекетинин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Иран Ислам Республикасынын курама командалары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий