• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Президент Кочкор-Ата шаарында "Нефтичи" стадионунун ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында толугу менен реконструкцияланган “Нефтичи” стадионунун ачылышына катышты.

Спорт комплекси “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун балансында турат. Стадиондо профессионалдуу “Нефтичи” футбол командасы, ошондой эле 100дөн ашык жаш футболчу билим алган академия жайгашкан. Мындан тышкары “Нефтчинин” ар кандай курактагы үч балдар командасы бар, алар республиканын футбол чемпионатына үзгүлтүксүз катышып турат.

Стадиондун ачылышында Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө “Кыргызнефтегаз” - геологиялык чалгындоо, мунай өнүмдөрүн кайра иштетүү жана сатуу, кен чыккан жерлерге скважиналарды куруу сыяктуу иш-аракеттер комплексин өзүнө камтыган бирден-бир ишкана экенин айтты. Компания Кочкор-Ата шаар калкын ичүүчү суу жана газ менен камсыз кылып, шаардын негизги спорттук стадионун оңдоп, сейил бактарды, башка маданий жана коомдук жайларды көрктөндүрүү иштерине чоң көмөк көрсөтүп келатканын баса белгилей кетти.

Президент акционердик коом жаңы скважиналарды бургулоо жана ишке киргизүү жаатында бир топ ийгиликтерди жаратып келатканын айтып өттү. Чет өлкөлүк инвестициялык компаниялар менен тыгыз иш жүргүзүлүүдө, натыйжада мунай жана газды казып алуу көлөмү көбөйүп, ишканада экономикалык жана каржылык көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүш тенденциясы байкалууда.

Бул жерде Садыр Жапаров мунай жана газ өндүрүү көлөмүнүн өсүшүнө материалдык-техникалык базанын жыл сайын жаңыланышы да оң таасирин тийгизип жатканын кошумчалады. Маселен, акыркы 3 жылдын ичинде жалпы суммасы 575,9 млн сомго 90 даана атайын жана автоунаа техникасы сатылып алынды. Ошентип “Кыргызнефтегаз” акыркы жылдары чоң ийгиликтерди жаратууда. Компания өлкөнү энергоресурстар менен туруктуу камсыз кылуу менен гана чектелбестен, өндүрүштү модернизациялоого активдүү инвестиция жумшоодо.

Президент бүгүнкү Жалал-Абад шаарындагы мунай иштетүүчү заводду модернизациялоо боюнча жаңы долбоорлордун ишке кириши бул тармактын туруктуу өнүгүү жолунда баратканынын далили экенин айтты. Муну менен “Кыргызнефтегаздын” тарыхында жаңы барак ачылууда. Жалал-Абаддагы мунайды иштетүүчү заводду модернизациялоо - бул жөн гана техникалык жактан жаңылануу эмес, бул өлкөбүздүн экономикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган стратегиялык кадам. Аталган долбоор экологиялык жактан таза күйүүчү майлардын түрлөрүн өндүрүүгө, дүйнөлүк рынокто продукциябыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы “Кыргызнефтегаз” спортчуларды, айрыкча, футболчуларды ар тараптан колдоого алып, профессионалдуу футбол командасын түзүп, жаш футболчуларды даярдаган академияга чейин уюштурууга жетишкенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарларынын биринде “Кыргызнефтегаздын” балансындагы “Нефтичи” стадионун эл аралык стандарттарга шайкеш келтиргиле, деген тапшырмасын эске салды. Себеби 1962-жылы курулган бул стадион эл аралык талаптарга жооп бербей калган эле.

Президент өз сөзүндө эл аралык стандарттагы футбол талаасында машыгуусун уланткан “Нефтичи” жаңы бийиктиктерге жетерине ишенимин билдирип, спортчуларга ийгилик каалады.

Президент жалпы журтубуз сүйүнө турган жетишкендиктерди белгилеп жатып, мунай өндүрүү тармагынын ардагерлерине ыраазычылык билдирди, алардын билими менен мол тажрыйбасынын аркасында өлкөбүздүн мунай-газ өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң салым кошулганын, бул тармактын калыптанышына чыйыр салуу менен жаш адистердин ишти андан ары алып кетүүсүн шарттай алгандарын айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын мунай-газ тармагынын келечеги кең экенине бекем ишенерин айтып, өндүрүштү модернизациялоо, жаңы технологияларды киргизүү, жаңы кен байлыктарды изилдөө элибиздин жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатууга мыкты мүмкүндүк болорун баса белгиледи.

Бүгүнкү заман бизден тынбай изденүүнү, билимди күнүгө байытууну, алдыны көрө билүүнү талап кылууда, мындан улам Садыр Жапаров мунай-газ тармагында эмгектенгендердин баарын жаңыча ой жүгүртүүгө, кесипкөйлүгүн арттырууга чакырды.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында: баарыбыз бир максатты – жаңы Кыргызстанды курууну көздөө менен биргелешип иш алпарсак, элибиздин бакубат турмушун камсыздоо, өлкөбүздүн өндүрүшүн алдыга жылдыруу жаатында ийгиликтерге жетерибизди белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий