• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент кол койгон Коопсуздук кеңешинин чечими коррупцияны жеңүүгө үмүт берет

Аналитика 0

Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу жеңиши эң ириде элдин ишенимин жана талапкердин программалык билдирүүлөрүнүн жүзөгө ашырылышына болгон ишенимдүүлүктү билдирет. Башкы маселелердин бири коррупция менен аёосуз күрөшүү болду.

Коопсуздук кеңешинин отуруму Президенттин сөзү ишине шайкеш келерин көрсөттү: бул багытта олуттуу иштер башталды. Баяндаманын "деликаттуулугуна" карабастан (аты-жөндөрү аталбастан, мамлекеттик түзүмдөр гана саналып өткөн), баяндамада аталган мамлекеттик органдардын жетекчилерине өз ведомстволорунда өз алдынча темирдей бекем тартип орнотууга, калгандарына - ишти чындап активдештирип, коррупциялык көрүнүштөргө каршы чыныгы күрөштү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Өлкө үчүн тагдыр чечүүчү болгон коррупция менен күрөшүү маселеси Президенттин жеке көзөмөлүндө экенинен элдин күмөнү жок: баяндамада чагылдырылган, адамдар күнүмдүк жашоодо өлкөнүн бардык тармактарында кездештирген дыкат текшерилген фактылар абдан ынанымдуу болду.

Анткен менен ЖМКларда антикоррупциялык кампаниянын ийгиликтүү жүргүзүлүшүнө шек келтирген атайын пикирлердин пайда болушу таң калтырат. Анын үстүнө оппоненттер арасында карапайым жарандардан тышкары кызматтык милдетине ылайык коррупция менен күрөштү эбак эле баштай турган тажрыйбалуу саясатчылар да бар. Алар мамлекеттик жогорку укуктарга ээ болуп туруп, эки жактуу оюн жүргүзгөндөрү үчүн Президенттин баштаган ишинин ийгилигине ишенишпейби: трибунадагы - чакырыктар, ал эми жеке пайдалары үчүн мыйзамды ар түрдүү айланып өтүп турушкан.

Ошентсе да өлкө Президенти кол койгон Коопсуздук кеңешинин чечими коррупцияны жеңүүгө болоруна үмүт жандырат. Бул үчүн убакыт жана бийлик түзүмдөрүнүн эле эмес, коомдун, Президентке ишеним көрсөткөндөрдүн бардыгынын, мамлекет башчыны коррупция менен күрөштө жана Региондорду өнүктүрүү жылынын милдеттерин ишке ашырууда колдоого алуучулардын ар биринин мыйзамды кынтыксыз сактоолору талап кылынат.

Эрмек Абдрисаев,

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий