• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президент КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ушул мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.

Кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту менен аталган жагдай (соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда) реабилитациялоочу жагдайлардын тизмесине киргизилди.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 3,4-пункттары менен КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттериндеги айырмачылыктарды жоюуга багытталган айрым орфографиялык түзөтүүлөр киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий