• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президент: КР менен РФнын Эриш-аркак жылынын ачылышы элдердин мындан да жакын болууга умтулуунун белгиси

Президент 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылышы биздин элдердин мындан да жакын болууга умтулуунун белгиси болуп саналат, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылышы аземинде.

Иш-чара Москва шаарындагы Мамлекеттик Кремль сарайында өтүүдө.

Президент билдиргендей, Кыргызстан Россия менен болгон жалпы тарыхка сый-урмат менен мамиле кылат.

«Кыргыз эли мындан бир жарым кылым мурда эле өнүгүүнүн мүмкүн болгон жолдорунун ичинен Россия эли менен бирге тагдырлаш болууну тандап алган. Тарых көрсөткөндөй, бул туура кадам болгон. Биз бүгүн мындай чечимди кабыл алган ата-бабаларыбыздын кыраакылыгына жана көрөгөчтүгүнө таазим кылабыз. Кыргызстандын Советтер Союзунун курамында болгон жетимиш жыл ичиндеги мезгилде билим берүү, илим, маданият жана өнөр жай тармактары болуп көрбөгөндөй өнүккөнү талашсыз факт», — деп билдирди Жээнбеков.

Кыргызстандын лидери из кылымдардан бери келаткан жалпы маданий-руханий баалуулуктарыбызды биргеликте сактай алдык, деди.

Президент Кыргызстанда орус тили расмий тил гана эмес, улуттар ортосундагы баарлашуунун тили экенин, бул эки элди мындан да жакындатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий