Сөз эркиндиги Элдик курултайда талкуунун маанилүү темаларынын бирине айланды. Делегаттардын бири кандай гана окуя болбосун, өлкө кандай өзгөрбөсүн, бийликти талыкпай сындагандар менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө жакшы болмок деген суроону койду. Интернетте коомчулукта нааразычылык жаратуу, бөлүп жаруу жана келечектеги белгисиздиктин себептерин түзүү боюнча системалуу иш бир катар ЖМКлар жана блогерлер үчүн бизнестин бир түрү болуп калды. Анын үстүнө аларга чет элдик жоомарт демөөрчүлөр акчаны чет элдик валютада төлөшөт.
Президент Садыр Жапаров айткандай, курултайдын ишине нааразы болгон журналисттер чакырылып, атайын аянтчада каалаганын айтууга мүмкүнчүлүк берилген. Бирок, бир катар эркин маалымат каражаттарынын жетекчилери курултайга келишкен жок.
«Алар баш тартты деп айтсак болот. “Азаттык” Прагадагы кеңседен макулдук алышы керек болчу, бирок ал жактан уруксат берилген эмес. “Кактустун” жетекчилиги Дина Маслова болсо баш тартты. «ПолитКлиниканын» жетекчиси айылда экенин билдирди. Баары баш тартышты. Көрдүңүзбү, булар сөз эркиндиги жок деп айтып келген сайттар. Өздөрүндө сөз эркиндиги жок. Чет элдик кожоюндары өл десе өлөт, тирил десе тирилет, - деп кейиди өлкө башчысы.
Жалаа жана жалган маалыматтардын жардамы менен Кыргызстандын жарандарын бөлүп-жаруу, чыр-чатактарды түзүү аракеттери, албетте, негиздүү тынчсызданууну жаратпай кое албайт. Биздин коомдо фейктерге каршы иммунитет калыптанып калганы менен, алар кимдин эсебинен бизге кайрадан жалган нерселерди «сенсация» катары таңуулап жатканы эч кимге жашыруун эмес. Ачыктык жана демократияда гана ушундайлар болот дегендерди ким каржылап жатканын эл түшүнүшү керек. Алардын чет өлкөдөн жылына оңбогондой АКШ доллары менен каржыланып келгенин да өлкө башчы тизмелеп өттү.
Бул контекстте Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жакында берген интервьюсуна көңүл буруу кызыктуу, анда ал өз өлкөсүндө маалымат каражаттары кандай иштээри жана алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салууда мамлекет кандай принциптерди карманары тууралуу айткан.
«Биз баарын түшүнүп турабыз. Ошон үчүн мунун баарын тартипке келтиргенбиз. Маселен, азербайжандык маалымат каражаттарын чет элдик булак бир пайыз да каржылай албайт. Неге дебейсизби? Биз АКШдагы маалымат каражаттарын каржылабайбыз, туурабы? Эмне үчүн алар биздин маалымат каражаттарын каржылашы керек? Ошентип, “Америка үнү”, “Азаттык” сыяктуу ресурстары аркылуу алар күнү-түнү элибиздин башына, өлкөбүзгө көө шыбап жатышат”, - деди Илхам Алиев. Ушул эле маегинде Азербайжандын башчысы бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн каржылаган чет элдик демөөрчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө токтолду.
Ал эми Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар мамлекетти бекемдеп, аны күчтүү кыла турган долбоорлорду эмес, башка нерселерин жасап жатышат. Курултайда президент Садыр Жапаров айткандай, бейөкмөт уюмдар өздөрүнүн “кожоюндарына” туура эмес сандарды, отчетторду көрсөтүп турушат. Буга байланыштуу мамлекет башчы чет элдик өнөктөштөргө сунуш киргизди. «Мунун баарын менсиз сиз деле билесиңер. Аларды сотко бергенде сөз эркиндигине кысым болуп жатат деп кыйкырып башташат. Мен АКШнын Мамлекеттик департаментинин жетекчилерине кайрылгым келет. Эгер сиз акчаны эмне кылууну билбей жатсаңыз, акчаны түз бизге которуңуз, биз аларды өз максатына жумшайбыз. Журналистиканы жогорку деңгээлге алып чыгуу керек болсо, аны жасайбыз. Сөз эркиндиги керекпи? Биз аны дагы камсыз кылабыз! Каражатты эффективдүү бөлүштүрөбүз. Биз силерди алдабайбыз, кандай болсо ошондой отчет беребиз», - деп убадалады мамлекет башчы.
Буга байланыштуу “фейк кабар” термини жакында АКШнын президенттигине кирише турган Дональд Трамп тарабынан бир нече жолу ачык колдонулгандан кийин кеңири жайылганын эстен чыгарбаш керек. Ошентип, шайлоодо жеңип чыккандан кийин, ал жалган маалымат таратканы үчүн ABC News телеканалын сотко берип, 15 млн доллар утуп алган. Трамп тууралуу жалган маалымат тараткан башка америкалык басылмаларга да көп миллиондогон доо арыздар даярдалууда.
Садыр Жапаров АКШдагы кырдаалды мисал келтирип, Кыргызстандагы абал менен салыштырууну сунуштады. «Менин да оюма да келбеген маалыматты таратканы үчүн «Азаттыкты» соттон утуп алмакмын. Бир күн бою сайтта илинип турган маалымат башка тилдерде таратылып, бул маалыматты бүт дүйнө көрдү. Алар кечирим сурап, көчөдө жүргөн аялдан маалымат алып, жаңылыкты өчүрүп салышканын айтышты. Мен сотко берген эмесмин. Эми Кыргызстанда сөз эркиндиги барбы, ага өзүңүз баа бериңиз”, - деп кошумчалады Садыр Жапаров.
Президент калыстык принциби канчалык маанилүү экенин белгиледи. Сөз эркиндигине келгенде, анын жоопкерчилиги канчалык экенин түшүнүшүбүз керек. Мамлекетке кыйынчылык жаратабыз деген максат менен атайылап жалаа жабылып жатса, албетте, мындай фактыларга эртеби-кечпи жооп берүүгө туура келет. Болгондо да чет элдик кожоюндарынын кызыкчылыгы үчүн жалган жалаа жаап жатса.
Пикир
Оставить комментарий