• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президент: КР демократияга, адам укуктарын сактоого негизденген баалуулуктарды жактайт

Президент 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Мюнхен шаарында Германия Федеративдүү Республикасына расмий визитинин алкагында Ханс Зайдель атындагы Фонддо Бавариянын коомдук жана саясий ишмерлеринин алдында сөз сүйлөдү.

Анын алдында Мамлекет башчы Фонддун төрайымы Урсула Меннле менен жолугушуп, демократиялык баалуулуктар жана адам укуктары жөнүндө маектешти.

Урсула Меннле айым Кыргызстанда Фонддун бүтүрүүчүлөрүнүн көп экенине таң калганын белгилеп, кыргызстандыктардын меймандостугу, эң сонун жаратылышы жана жазуучу Чынгыз Айтматов сыяктуу көрүнүктүү ишмерлери тууралуу кеп салды.

«Европа Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан реформаларга жардам бериши керек», — деп баса белгиледи Урсула Мэннле.

Мамлекет башчы «Экономикалык, социалдык жана регионалдык туруктуулук — салттуу биримдиктер менен мамилелердин өнүгүү шартында Кыргызстандын Европа менен өнөктөштүктү күчөтүү процессине катышуусу» деген темада сөз сүйлөдү.

Сооронбай Жээнбеков Жарым кылымдык тарыхы бар Фондго Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн чын дилден ыраазычылык билдирди. 2002-жылдан тартып, Фонд аркылуу Кыргызстанда 2 миңден ашык стипендианттар билим алышты.

Азыр Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында Фонд «Борбор Азияда натыйжалуу мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү» программасын ишке ашырып жатканын белгиледи.

«Кыргызстан коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык активдүү өзгөрүүлөр жолунда баратат. Экономикалык жактан өнүккөн жана парламенттик демократиясы бар укуктук мамлекетти куруу — биздин негизги багытыбыз. Биз үчүн коопсуздук, демократия жана өнүгүү эң башкы баалуулуктар болуп саналат», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, коопсуздук жана демократия адамдын, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшү үчүн табигый жана зарыл шарттар. Ал ошондой эле демократия биздин өлкөбүз үчүн куру сөз эмес экенин белгиледи.

Биз чыныгы демократияны орнотуу оңой иш эмес экенин азыркы Кыргызстандын тажрыйбасынан улам билебиз. Бирок бул биздин элибиз тандап алган жападан жалгыз жол болуп саналат. Азыркы кезде Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук бар. Бул бизге орто мөөнөттөгү келечекке карай алдыбызга чоң милдеттерди коюу мүмкүнчүлүгүн берет», — деп белгиледи Президент.

Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүк Стратегиясы кабыл алынды. Жакынкы 20 жылда Кыргыз Республикасын өнүктүрүү жөнүндө, кантип, кайда умтулуу керек экендиги боюнча так көз караш жана түшүнүү бар. Бул Стратегия өлкө турмушунун бардык чөйрөлөрүн камтыйт.

Мамлекет башчысы шайлоо процессинин жаңы моделин киргизүүнү маанилүү жетишкендик катары белгиледи. Бул — идентификациялоо жана шайлоочулардын добуштарын автоматтык түрдө эсептөө үчүн алдыңкы технологияларды пайдалануу.

Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоо ачык жана атаандаштык күрөш менен өткөнүн баса белгиледи. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо Кыргызстандын демократиялык багытын бекемдейт. Кыргыз Республикасы — 2014-жылы парламентине Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын «Демократия боюнча өнөктөшү» макамы берилген Борбор Азиядагы биринчи өлкө.

«Кыргыз Республикасы сот-укуктук реформаларды жана күч структураларын өзгөртүп уюштурууну ишке ашырууга чечкиндүү киришкен өлкө. Коррупцияга каршы күрөш Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон калууда. Биз турмушубузга жаңы технологияларды активдүү киргизүүгө муктажбыз. Ошондуктан биз өлкөнү санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз, бул биздин өнүгүү темпибизге жаңы түрткү берет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Заманбап технологияларды мамлекеттик кызмат көрсөтүү, ведомстволор аралык документ жүгүртүү чөйрөсүнө киргизүү биздин өнүгүүбүзгө жакшы өбөлгө болот. Адам фактору жоюлат, коррупциялык көрүнүштөр жоголот. Быйыл жылдын аягына чейин мамлекеттик органдар документтерди онлайн режимде жүгүртүү үчүн «Түндүк» электрондук системасына кошулат.

«Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүшүнө жана алар менен кызматташтыкты кеңейтүүгө олуттуу маани берет. Кийинки жылдары регионалдык кызматташтык жакшы динамикага ээ болууда. Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуулары салттуу мүнөзгө ээ боло баштады», — деп белгиледи Мамлекет башчы.

Ал мындай жолугушууларда өз ара аракеттешүүнүн абалы жана келечеги талкууланарын кошумчалады. Союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара алака-мамилелерди мындан ары карай бекемдөө боюнча ырааттуу иш жүрүп жатат. Батыш жана чыгыш багыттарындагы мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташуу биздин кызыкчылыктарыбызга жооп берет.

«Кыргыз Республикасы демократияга, укуктун үстөмдүгүнө, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоого негизделген баалуулуктарды жактайт. Ушуга байланыштуу биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз болгон Европа Биримдиги менен кызматташууга өзгөчө маани беребиз. Биз ЕБ жана ага мүчө мамлекеттер менен мурдагыдан да тыгыз мамиле түзүүгө кызыкдарбыз», — деп белгиледи Жээнбеков.

Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Келишимге жетишүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул процессти быйыл аяктап, Келишимге кол коюу күтүлүүдө. Жаңы Келишим биздин европалык өнөктөштөрүбүз менен өз ара мамилелердин бүт спектрин өнүктүрүүгө түрткү болот.

«Кыргызстан менен Европа Биримдигине кирген өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. 2016-жылы Кыргызстан ВСП+ макамына ээ болгон Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды. Ошонун шарапаты менен кийинки үч жыл ичинде Кыргызстан менен Еропа Биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик үч эсеге өстү», — деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле ал Кыргызстандын Европа өлкөлөрү менен тышкы соодасынын туруктуу өнүгүшүнө бир катар факторлор кедерги болуп жатканын баса белгиледи. Бул — географиялык алыстык, логистиканын жетишсиз өнүккөнү, товарларды тастыктоонун татаал системасы ж. б. Ушул факторлордун баары Еропа Биримдиги менен кызматташтыктын бүтүндөй комплексин кеңейтүүнү шарттайт. Соода-экономикалык, эл аралык транспорттук каттамдарды диверсификациялоо жана санариптик экономиканы өнүктүрүү талап кылынат. Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн түз инвестицияларды тартууну бир кыйла активдештирүү милдети турат.

«Коопсуздук темасына да токтоло кетүү зарыл деп эсептеймин. Глобалдык жана регионалдык коопсуздук проблемалары биздин тышкы саясатыбыз үчүн күн тартибиндеги негизги бойдон калууда. Бүгүн эл аралык терроризм жана радикалдуу экстремизм бардык мамлекеттердин коопсуздугуна, туруктуулугуна, социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө эң көп орчундуу коркунуч туудурууда. Ал курал-жарактарды, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, арам акчаларды адалдоо менен байланышкан, глобалдуу жана регионалдык мүнөздөгү чек араны билбеген жалпы проблема болуп калды», — деди Мамлекет башчы.

Туруктуу өнүгүү жана гүлдөп-өсүү үчүн дүйнөлүк коомчулук коопсуздук маселелеринде күч-аракеттерди бириктириши зарыл, башка альтернатива жок.

«Улуттук күч түзүмдөрүнүн жана эл аралык коалициянын аракеттерине карабастан, кан төгүүлөр менен коштолгон чыр-чатактар басылбай жаткан Афганистандагы кырдаал бизди тынчсыздандырат. Кыргызстан быйыл Шанхай Кызматташтык Уюмунда, Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунда жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинде төрагалык кылууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

ШКУга төрагалыктын алкагында Кыргызстанда бир катар маанилүү эл аралык иш-чаралар өтөт. Андан тышкары, жакынкы мезгилде Кыргызстанда «ШКУ-Афганистан» контакт тобунун кезектеги жыйыны болот. Анда регионалдык коопсуздукту бекемдөө, афгандар ортосундагы элдешүүнү илгерилетүү жана Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү маселелери каралат.

«Кыргызстан менен Германия ортосунда гуманитардык чөйрөдө биргелешип аракеттенүүнү илгерилетүү кыргыз-герман мамилелеринин дагы бир маанилүү бөлүгү болуп саналат. Өнүгүү жолунда Кыргыз Республикасы өзүнүн адам ресурстарына таянат. Квалификациялык жана адистик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жолу менен аларды өнүктүрүү биз үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан биз Германиянын прогрессивдүү жетишкендиктерин үйрөнүүгө жана ар кыл чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууну жөнгө салууга кызыкдарбыз», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий