• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Президент: Кыргызстанда «Ачык асман» режими киргизилет

Президент 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда «Ачык асман» режими киргизилет. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өтүп жаткан Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында тиешелүү чечим кабыл алынгандыгын билдирди.

Мамлекет башчысы билдиргендей, визасыз режим кошумча 7 өлкөгө киргизилип, алардын жалпы саны 68ге жетти. Кызмат көрсөтүүдө адам факторун жоюу максатында санарип технологиялар киргизилүүдө. Электрондук төлөмдөр жана мобилдик банкинг системалары иштей баштады.

«Электрондук төлөмдөр жана мобилдик банкинг системалары иштей баштады. Электрондук патент, электрондук эсеп-фактуралары жана электрондук салык отчеттуулугу боюнча долбоорлор иштей баштады», - деди С. Жээнбеков.

Анын айтуусунда, былтыр 191 мамлекеттик кызматтар жана сервистер электрондук форматка өттү. Бардык мамлекеттик органдар „Түндүк“ системасына кошулду. Акыйкат жана калыс сот адилеттигин орнотуу максатында сот-укуктук реформа жүрүүдө.

«Өлкөдөгү реформалардын ичинен жогоруда белгиленгендери — инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн түздөн-түз таасир эткен реформалар», - деп баса белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий