• 87.86
  • 93.94
  • 1

Президент: Кыргызстанда жарандарды турак жай менен камсыздоо багытында чечкиндүү иштер жүрүүдө

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Жарандарды турак жай менен камсыздоо багытында чечкиндүү иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, билдирди.

Президент Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу мамлекеттик кызматта иштегендерге гана эмес, жеке жактарга дагы ипотекалык негизде кезексиз батирлүү болуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонун белгиледи.

“Республика боюнча 11 миң 495 батир курулуп жатат, анан ичинен ушул жылдын аягына чейин 5 миң 503 кезекте турган үй-бүлөлөргө батирлер берилет. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү бар, 50 пайызын алдын ала төлөй алган жарандарыбызга, өзүнчө программа менен иш баштадык. 50 пайызын алдын ала төлөсө, 50 пайызын мамлекет тарабынан 15 жылга ипотекалык негизде төлөп беребиз. Бул мурдатан кезекте турган жарандарыбызга тоскоолдук болбойт. Мурдатан бери кезекте турган жарандарыбыздын кезеги бузулбайт”, - деди президент Садыр Жапаров, ошондой эле, ушул жылдын аягына чейин 12 миң батирдин курулушу башталарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий