• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президент Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Президент 0

Бишкек, 05.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында билим берүү системасынын мугалимдерин жана кызматкерлерин Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чара өлкөнүн билим берүү тутумунун жүз жылдык тарыхына арналган пролог менен башталды.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Билим берүү тармагынын урматтуу кызматкерлери!
Ардактуу агай-эжейлер, кымбаттуу педагогдор!


Бала бакчалардан тартып жогорку окуу жайларга чейинки билим берүү мекемелеринде иштеген бардык кызматкерлердин кесиптик майрамы эл арасында “Мугалимдер күнү” деп аталып келет. Калк айтса, так айтат эмеспи, билим берүү тутумунун бардык кызматкерлери “мугалим, агай-эжей” деген ардактуу наамга татыктуусуздар. Эң алды сиздерди берекеси төгүлгөн күз айына туш келген Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Урматтуу мекендештер, баарыңыздарга жакшы белгилүү, биз быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын салтанаттуу белгилеп келебиз. Азыркы Кыргыз мамлекети башат алган автономдуу облус түзүлгөн соң, 1924-жылдын декабрь айында Ревкомдун токтому менен Окумуштуулар кеңеши түзүлгөн. Мына ошол күндөн тартып улуттук билим берүүнүн жаңы доору башталат. Академиялык борбор болуп кайра түзүлгөн бул мекеме “Алиппе”, “Алиппеден кийин окуу үчүн хрестоматия”, “Географиянын башталгыч курсу”, “Геометриянын башталгыч курсу”, “Арифметикалык маселелер”, “Эне тилдин методикасы”, “Математиканын методикасы” сындуу окуу китептерин, методикалык колдонмолорду, хрестоматияларды чыгара баштайт. Ошондон тарта жер-жерлерде мектептер ачылып, маданий борборлор түзүлүп, кыргыз тилин иретке келтирүү боюнча жигердүү иштер жүрө башталган. Алгачкы эл агартуу тармагын өнүктүрүүгө багытталган чечимдер көрсөтүп тургандай, ошол тапта улуттук өнүгүүгө өзгөчө артыкчылык берилгендигин байкоого болот.

Алгач 17 бала бакча, 60 балдар аянтчасы жана 20 миңден ашуун окуучуну камтыган 327 мектеп ачылат. 1924-жылы мектептер үчүн 28 миң нускада кыргыз тилиндеги биринчи окуу китептери басылып чыкса, 3 жылдан кийин окуу китептеринин саны дээрлик 5 эсеге көбөйүп, 130 миң нуска басылып чыккан.

1925-жылы Константин Юдахиндин жетекчилиги астында биринчи Эл агартуу институту ачылып, ал кийин Педагогикалык техникумга айланат.

1930-жылдын башында Өкмөт тарабынан элге билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы этабы белгиленип, милдеттүү түрдө жалпы билим берүүнү киргизүү жөнүндө токтом чыккан. Мына ушундан кийин мектеп окуучуларынын саны 100 миңге жеткен.

Ийгиликтерди көйгөйлөр коштоп, мугалим кадрларды даярдоо маселеси кыйын абалда турганда 1932-жылы Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңеши биринчи жогорку окуу жайды - Фрунзе педагогикалык институтун ачуу боюнча токтом кабыл алган. Мына ушул жогорку окуу жай кийин Кыргыз мамлекеттик университетин, Фрунзе политехникалык университетин жана Дене тарбия институту менен Кыз-келиндердин педагогикалык институтун уюштурууга материалдык база болуп берген.

Ошентип, Кыргызстан автономияга ээ болгон маалында элибиздин 3 пайызга жакын бөлүгү гана сабаттуу болсо, андан кийинки 12 жыл аралыгында же болбосо Кыргыз ССРи түзүлгөн 1936-жылы калктын сабаттуулугу 58 пайызды түзгөн.

Мына бул сандык маалыматтардан ошол мамлекет түптөгөн аталарыбыз жана алардын санаалаштары, максатташ-мүдөөлөштөрү, тагдырлаштары өз заманында жалпы журттун кат-сабатын жоюу багытында өтө чоң иштерди жасашканы даана көрүнүп турат. Алар ушундай ири иштерге илим-билимдин аркасынан гана жетүүгө болорун алдын ала билишкен, билими жок караламан калк менен кудуреттүү мамлекет куруу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнүшкөн.

Өзүңүздөр көрүп тургандай, кыргыз билим берүү тутумун калыптандырууда мамлекет түптөөчү аталарыбыздын салымы нар көтөргүс. Мен бүгүн билим берүү системасынын 100 жылдыгын белгилөөдө бул аталардын айрымдарына азыноолак токтоло кетүүнү эп көрүп турам.

Алардын бири тээ 1910-жылы эле Орусиянын Оренбург шаарында медреседен окуп, андан ары Уфа шаарында билимин өркүндөткөн Ишеналы Арабаев атабыз мектеп окуучулары үчүн “Кыргыз Алиппе” аттуу алгачкы окуу китебин жазганын билесиздер. Мына ушул китептен кийин биздин эл агартуу тармагыбыз бир нукка түшкөн. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө боюнча демилгечилер тобунун башкы насаатчысы болгон Ишеналы атабыздын кыргыз билим берүү системасынын түптөлүшүндөгү эмгегин кийинки муун өкүлдөрү сөзсүз билиши абзел.

Ал эми кыргыздын тунгуч кызыл профессору Касым Тыныстанов Кыргызстандагы элге билим берүүдө улуттук мектептердин базалык- педагогикалык жана окуу-уcулдук негиздерин түптөгөндөрдүн сап башында турган. Агартуучу, лингвист, окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Касым Тыныстанов кыргыз тилинин жаңы грамматикасын иштеп чыгууну, кыргыз жазмасын латын тамгасына өткөрүүнү демилгелеген.

Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн тартып 1940-жылдарга чейинки учурду кыргыз тарыхында билим берүү системасынын ыкчам ылдамдыкта өнүгүшүнүн доору деп сыпаттоого болот. Бул жылдары агартуу жаатындагы негизги өзгөрүүлөр – сабатсыздыкты жоюу эле эмес, кыргыз илимин, билим берүүсүн түптөөгө жасалган аракеттер эле. Ал өзүнүн жемиштүү жыйынтыгын берди десек болот.

Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов менен катар эл агартуу тутумун жакшыртууга салым кошкон Токчоро Жолдошев, Сыдык Карачев, Сатыбалды Нааматов, Шарип Көкөнов, Бөрүбай Кененсариев жана башкалардын аттарын атап кетүүбүз дагы биздин милдет.

Урматтуу мекендештер!

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эл чарбасы акырындап оңолуу жолуна түшкөн. Жаңы мектептерди салуу, мугалимдерди даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, 7 жылдык, 8 жылдык милдеттүү билим берүү андан ары ырааттуу өнүгө баштаган.

1950-жылдан баштап эл чарбасы, маданият, билим берүү тармактары үчүн жүздөгөн адистерди чыгарган жогорку жана атайын орто окуу жайлардын саны кескин көбөйгөн. 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик университети, 1953-жылы Кыргыз дене тарбия институту, 1954-жылы Фрунзе политехникалык институту ачылган. Ошол жылы Илимдер академиясы түзүлүп, академиядан тышкары республика боюнча 40 илимий мекеме уюшулган. Булардын баары өз учурунда республиканын билим берүү, илим, маданий турмушундагы чоң окуялардан болгон.

1970-жылдарга чейин калктын сабаттуулук деңгээли дээрлик 100%га жеткен. Мына ошондон кийин Кыргыз Республикасында илим жана билим берүүнүн өнүүгү мезгили болуп, квалификациялуу адистерди даярдоонун, илимий базаны өнүктүрүүнүн жана ар кандай тармактарда келечектеги изилдөөлөрдүн пайдубалы түзүлгөн.

Согуштан кийинки Кыргызстандын билим берүү системасынын өнүгүшүнө, ата мекендик билим берүүнүн алдыга жылышына Болот Юнусалиев, Таштанбек Тургунов, Абдылда Каниметов, Аскар Турсунов жана Мукаш Базаркулов сындуу мамлекеттик ишмерлер зор салымдарын кошкондугун баса белгилей кетүүбүз зарыл.

Ал эми Кыргызстан эгемендикке ээ болгон мезгилден тарта экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, билим берүү системасында өзгөрүүлөр башталган.

1990-жылдан баштап айрым предметтерди тереңдетип окуткан жана кесипке багыт берүүчү мектеп-гимназиялар, ошону менен бирге лицейлер менен колледждер иштей баштады. Дүйнөлүк билим берүү коомчулугунун чөйрөсүнө биргелешкен окуу жайлар ачылды.

Ардактуу замандаштар!

Кылым карыткан улуттук билим берүү системабыз Кыргызстанды сабаттуу жана прогрессивдүү демократиялык өлкөгө айландыруу жолунда негизги ролду ойноду. Өз учурундагы өткөөл мезгилдердин кыйынчылыктарына карабастан, улуттук билим берүү системасы бүгүн да өнүгүү жолун улантууда.

Байыртадан эле кыргыз эли өнөр үйрөнүүгө, билим алууга шыктуу да, жөндөмдүү да келет. Бул кыргыз билим берүү системасынын 100 жылдыгынын кайсы этабында болбосун, кашкайып көрүнүп турат. Ата-бабалардын басып өткөн байсалдуу жолун кийинки муунга жайылтуу салтын улантуунун өзү нарк-насил десек болот. Кыргыз билим берүү системасынын бир кылымдык тарых-таржымалы жаатында илимий эмгектер, макала-материалдар даярдалып, коомчулукка сунушталышы жана жайылтылышы кажет.

Ал эми бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан билим берүү системасын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси жүзөгө ашырылууда.

Билим берүү тармагында бала бакчага кабыл алуудан баштап, жогорку окуу жайларга тапшырууга чейин – санариптештирүү жаатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Каттоо, документтерди кабыл алуу сыяктуу бардык процесстерди электрондук форматка өткөрүү менен коррупция тобокелчиликтери азайды. Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарындагы жарандарыбыз үчүн абдан эле ыңгайлуу болуп калды, десек болот.

Мындан сырткары, мынакей, мугалимдерди колдоо максатында алардын маяналары орточо эмгек акыга теңдештирилди. Мунун натыйжасында мугалимдердин жетишсиздигин 3,5 эсеге кыскартууга жетиштик. Өлкө келечеги болгон балдарыбыздын татыктуу билим алышына шарт түзүү максатында класстардын жетишсиздигин чечүү үчүн мектептер салынууда. Китеп жетишсиздиги жоюлууда. Ошентип 2020-жылы билим берүүгө бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин көлөмү 36 миллиард сомдон, мынакей быйыл, 65 миллиард сомго чейин көтөрүлдү.

Натыйжада, Кыргызстандын мектеп окуучулары эл аралык олимпиадаларда алдынкы орундарды камсыз кыла баштады. Бул, албетте, биринчи кезекте, биздин агай-эжейлерибиздин эмгеги, мээнети, билими жана тарбиясы!

Эми мына ушул мугалимдерибиз үчүн ноутбук сатып алууга биринчи жолу 678 миллион сом бөлүнүп олтурат. Ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздоону көздөп жатабыз.

Ошондой эле жакында Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайлары дүйнөлүк рейтингдеги престиждүү жогорку окуу жайлардын катарына киргенин айта кетели.

Мындан сырткары, “Алтын казык” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында мектептерде билим берүү системасын 12 жылдык форматка которуу боюнча бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынганын жакшы билесиздер. Кабыл алынган чечимдердин аткарылышына мугалимдердин колдоосу абдан маанилүү.

Азыркы тапта табигый жана так илимдерге басым жасоо аркетиндебиз. Бул багытта физика, химия, биология, табият таануу жана англис тили боюнча чет элдик алдынкы окуу китептери менен окуу-методикалык комплекстерин которуп, өзүбүзгө ыңгайлаштырууга кадам таштадык. Ошону менен катар педагогикалык факультеттерде мугалим даярдоо программаларын, форматтарын кайрадан карап, кесипкөй мугалимдерди даярдоого көзөмөлдү күчөтүшүбүз зарыл болуп турат.

Эми жаңы окуу программалары, жаңы усулдар, жаңы окуу китептери болобу — баары практик мугалимдердин катышуусундагы эксперттик топтор, илимпоздор тарабынан иштелип чыгат.

Булардын бардыгын билим берүү тармагында жасалган ыраатсыз бир иш-аракеттер эмес, системалуу өнүгүү стратегиясынын негизги бөлүгү катары кабыл алышыбыз зарыл.

Ошентип биз Кыргызстандын билим берүү системасы дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдөн артта калбоосу, теңтайлаша билүүсү үчүн бар күч-аракетибизди жасап жатабыз. Мындай кадамдар келечекте өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга мүмкүндүк берерине терең ишенем.

Ардактуу агай-эжейлер!

Мугалимдик кесип эзелтен бери цивилизациянын башатында туруп, өнүгүү доорлорун жаратып келген. Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүнө түздөн-түз таасир берет. Учурунда Нельсон Мандела “Билим берүү – бул ой-максатты ишке ашырууда жана дүйнөнү өзгөртүүдө колдоно турган эң күчтүү курал” деп бекеринен айтпаса керек.

Биз бардык ийгиликтердин башында билим менен илим турат деп так жана кесе айтышыбыз керек. Ансыз Кыргызстандын бакубат келечегин элестетүү мүмкүн эмес. Айтайын дегеним, өлкөбүздүн жаркын келечегине сиздер аркылуу гана жетебиз!

Берекесин төгүп, мол түшүмүн берип жаткан алтын күз сымал, мөмөлүү даракка айланган мугалимдер, сиздер дагы өлкөбүз үчүн өз жемиңишиздерди арнай бериңиздер. Сиздер менен бирге Кыргызстандын билим берүү системасын жаңы бийиктиктерге алып чыга берели!

Сиздерге чың ден соолук, түгөнгүс күч-кубат, чыгармачыл эргүү каалайм!

Майрамыңыздар кут болсун!

Бүгүнкү кош жакшылыгыңыздар кут болсун! Кесиптик майрамыңыздар жана Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын 100 жылдыгы менен чын дилимден дагы бир жолу куттуктайм.

Бар болуңуздар!”

Андан соң иш-чара майрамдык концерт менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий