• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Президент Кыргызстандын сот тутумунун кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлерин 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Мамлекет башчысы иш-чаранын алдында жүз жылдык тарыхты чагылдырган окуялар жана инсандардын фотогалереясын көрүп чыкты, ошондой эле конокторго өлкөнүн сот тутумунун калыптанышы жөнүндө тасма тартууланды.

Андан соң президент Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөдү:

“Cот тутумунун кымбаттуу кызматкерлери жана ардагерлери!

Салтанаттуу жыйындын кадырлуу меймандары!

Кеменгер элибиз илгертен эле “Тарыхы болбой, эл болбойт" деп так баса белгилеп айтып келишкен. Биз ошол өз мезгилинде улуу дөөлөттөрдү, күчтүү каганаттарды курган ата-бабаларыбыздын тарыхы, таржымалы менен чексиз сыймыктанабыз. Тагдырдын не деген татаал сыноолорунан өтүп, элдүүлүгүн сактап, эгемен мамлекетке ээ болуу бардык эле элдердин бактысына буюра бербептир. Кудайга шүгүр, биз быйыл Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгын салтанаттуу белгиледик. Эгемен кыргыз мамлекетин көздүн карегиндей сактоо – кыргыз элинин үч миң жылдан ашкан тарыхындагы эң башкы милдети!

Быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө туура 100 жылдын жүзү болду. Мына ушул даңазалуу дата менен катар Кыргыз Республикасынын сот тутумунун басып өткөн бир кылымдык байсалдуу жолун салтанаттуу белгилеп олтурабыз.

Мамлекет менен тагдырлаш болгон сот тутуму өлкөнүн түптөлүшүнө, өнүгүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошту десем жаңылышпайм.

Анткени сот тутумунун өлкөдө адилеттүүлүк менен укук тартибин камсыз кылуудагы, укуктук мамлекетти өнүктүрүүдөгү ролу абдан жогору.

Адилеттүүлүк бардык мамлекетте, ар бир коомдо негизги баалуулук болуп саналат. Мыйзам үстөмдүгү жана адам укуктарынын сакталышы менен тыгыз байланышта. Адилеттүүлүк болмоюнча, жарандардын ишенимин арттыруу, коомдун туруктуулугун камсыздоо жана мамлекеттин өнүгүүсүнө жетишүү мүмкүн эмес. Мына ошол адилеттүүлүктү биздин ата-бабаларыбыз негизги ураанына жана жашоо принциби айландыргандыгы үчүн Кыргыз мамлекети өзүнүн көөнө тарыхына ээ болуп келе жаткандыгы баарыбызга белгилүү.

Адам баласынын жашоо-турмушунда жазылган жана жазылбаган жол-жоболордун сакталышы талап кылынып, аны бузгандарга жаза чарасын колдонгон атайын калыс институттар түзүлгөн.

Кыргыз элинде да эзелтен эле дал ушундай эреже өкүм сүрүп, ата-бабаларыбыз Аксакалдар сотуна, Бий же Казыларга ыйгарым укук беришкен. Алар сый-урматка, чынчылдыкка жана өз ара жоопкерчиликке негизделген уникалдуу салттарды жаратуу менен сот адилеттигин жүргүзүп келишкен. Көчмөн жашоо образы ары татаал жана көп кырдуу процесс болгону менен, сот адилеттигине ар дайым жогору маани берилген.

Тактап айтканда, элдин ынтымагын, биримдигин сакташ үчүн адилеттүүлүктү бардыгынан жогору коюп, аны туу тутуп, бийик карманып келишкен. Анткени кара кылды как жарган калыс чечимден элдин, өлкөнүн келечек тагдыры көз каранды болорун терең түшүнүшкөн. Ошондуктан калыстык кылып, адилет кабыл алынган ар бир чечим же жыйынтык урматталган жана кынтыксыз аткарылган.

Кыргыз элинин руханий тиреги – "Манас" эпосунда адилеттүүлүк биримдиктин, ынтымактын башаты катары мыкты чагылдырылган. Айкөл Манас баш болуп, Бакай, Кошой акылмандар төш болуп, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу алп баатырлар эң алды адилеттүүлүктү туу тутушкан. Алар карманган адилеттүүлүк өрнөгү бизге бүгүнкү күндө да жол көрсөткөн шам чырак сымал жанып келет, десек болот.

Биз ошол фундаменталдык принциптерди сактап, байыркы салттар менен заманбап укук ченемдерин айкалыштыра колдонууга багыт алдык. Ошол баалуулуктар чагылдырылган жана бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген системаны түзө алдык, десек болот.

Бүгүнкү салтанаттуу жыйындын урматтуу катышуучулары!

Бүгүн биз Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө маанилүү окуяны, бабалар жолун улаган, коомубузда адилеттүүлүк менен мыйзамдуулуктун тиреги катары кызмат кылган кыргыз сот тутумунун 100 жылдыгын белгилеп жатабыз.

Өткөн кылымдын башында өлкөбүз эгемендигине ээ болушу менен укуктук системанын алгачкы пайдубалы түптөлгөн. Биз бул жолдо алгачкы кадамдарды таштап, жаңы замандын талаптарына ылайык, жаңы жашоону куруу үчүн мээнет кылып, тер төгүп, берилүү менен кызмат өтөгөн адамдардын каармандыгын, эрдиктерин эстен чыгарбайбыз.

1924-жылдын октябрь айында Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлсө, андан бир ай өтпөй эле ноябрь айында Кара-Кыргыз автоном облусунун облустук соту түзүлөт. Анын биринчи жетекчиси болуп Лев Александрович Авербург дайындалган. Кийинки жылдары Иманбек Текеев, Курманалы Кулумбаев, Иманалы Айдарбеков, Ян Цимдин, Абдукадыр Абдураимов сындуу чыгаан инсандар сот тутумунун өнүгүүсүнө орчундуу салымдарын кошкон.

Жаңы шартта алгачкы сотторду түзүү аракеттеринен тартып, андан кийинки кыйынчылыктарды улам жеңип, улам жаңы өзгөрүүлөрдү кабылдап, соңку мезгилдеги сот тутумун реформалоо, чыңдоо иштерине чейинки өзгөрүүлөр Кыргызстандын калыптануу жана өнүгүү тарыхы менен ажырагыс байланышта өнүккөн.

Совет бийлигинин мезгилинде сот тутуму СССРдин жалпы укуктук системасынын алкагында калыптанган. Бирок 1991-жылы эгемендигибизге ээ болгондон кийин элибиздин кызыкчылыктары менен муктаждыктарын канааттандыра турган өз алдынча адилеттүү сот тутумун түзүү милдети коюлган.

“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” деген накыл кеп сыңары, эл жаңырып, журт өзгөргөн бир кылым ичинде элибиз нечендеген тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өтүп, репрессиянын азабын, согуштун тозогун башынан кечирип келди. Мамлекетибиздин сот тутуму дагы кыйын кырдаалдардан, оор өзгөрүүлөрдөн, татаал реформалардан өтүп, барган сайын өркүндөөнүн үстүндө.

Адилеттүүлүк менен мыйзамдуулук – бир эле маалда экөөнү эриш-аркак алып жүрүүнү, ошол эле учурда өтө кылдаттыкты талап кылган татаал иш. Мыйзамдуулукка оодара салып, адилеттүүлүктү четке кагып коюу, же болбосо адилеттүүлүккө жамынуу менен мыйзамды бурмалоо калыстыкка да, акыйкаттыкка да жатпайт. Кыргызстандын ар бир жараны өз укугунун корголгондугун сезип, кадыр-баркы, бедели тебеленбесине ишениши үчүн ачык-айкындык, көз карандысыздык жана абийир жолунан тайбаш керек!

Мына ушундай ары татаал, ары жооптуу абийир, ар-намыс маселесине чырмалышкан сот тутумунун калыптанышын бул системага өмүрүн арнаган ардагерлерсиз, күн-түнү талыкпай эмгектенген кызматкерлерсиз, кара кылды как жарган судьяларсыз элестетүүгө болбойт.

Урматтуу жыйын катышуучулары!

Өзүңүздөр билгендей, жамы журтубуздун басымдуу көпчүлүгүнүн талабына ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде жалпы элдик референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынган. Жаңы кабыл алынган Конституциянын талабына ылайык, Конституциялык Палата Жогорку Соттун курамынан чыгарылып өз алдынча Конституциялык Сот болуп кайра түзүлүп, ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилип берилген. Жогорку Сотко өзүнө тиешелүү маселелер боюнча мыйзам долбоорун демилгелөө укугу ыйгарылды. Жогорку жана Конституциялык соттордун төрагаларынын дайындоо жүрүмү менен иштөө мөөнөттөрү өзгөрүп, натыйжалуу иш алып барууга шарт-жагдайлар жаралды. Кыргыз Республикасынын сот тутуму Конституциялык Сот, Жогорку Сот жана жергиликтүү соттордон турары аныкталды.

Мындан тышкары акыркы үч жылдын ичинде сот тутумуна тиешелүү бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.

Сот системасын каржылоо жылдан жылга көбөйүп, материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган иш-чаралар күчөтүлдү.

Мисалы, мамлекеттик бюджеттин эсебинен судьялардын айлык маяналары 100 пайызга көтөрүлсө, сот тутумунда эмгектенген кызматкерлердин айлык маяналары 50 пайыздан ашык өлчөмгө көтөрүлдү.

Жогорку Соттун төрагасы Базарбеков Замирбек Курамаевичтин жетекчилик астында иштелип чыккан сунуштун негизинде 2022-жылдын биринчи жарымында жергиликтүү соттордун басымдуу көпчүлүк бөлүгү ротация болду. Аларга жеринде иштөөсү үчүн жаңы кызматтык турак жайлар берилип жатат. Бул жерден ротациялоо ыкмасы өз жемишин бергендигин белгилей кетсек болот.

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында Сот адилеттик үйлөрү ачылып, жарандарыбызга бирдиктүү терезе принцибиндеги ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Имараты жараксыз абалга келип калган жергиликтүү сотторго бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген жаңы имараттар курулуп, колдонууга берилүүдө.

Жергиликтүү соттордун сот аткаруучуларынын натыйжалуулугун көтөрүү максатында алар 50гө жакын заманбап жаңы жеңил унаалар менен камсыз болушту. Жакын арада дагы 50 унаа берилет.

Жалпы өлкө боюнча сот тутумунда эмгектенген судьяларыбызга, Аппарат кызматкерлерине жана ардагерлерибизге ден соолугун чыңдоосу үчүн шарт түзүү максатында Ысык-Көлдүн жээгинен 350 орундуу пансионаттын маселеси чечилди.

Бул тизмектелип өткөн иш-аракеттердин баары Замирбек Курамаевич Базарбеков жетектеген бийликтин толук кандуу бир бутагын – сот бийлигин колдоо максатында болуп жатат. Анткени сот тутуму – ар бир мамлекеттин демократиялык өнүгүүсүнүн жана мыйзамдуулугунун негизги түркүгү. Анын адилеттүү жана күчтүү болушу өлкөбүздүн туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыз кылууда абдан маанилүү экенин жакшы билесиздер. Сот адилеттиги – бул жарандардын укуктары менен эркиндигин коргоонун кепилдиги, элдин бийликке болгон ишениминин негизи!

Ардактуу мекендештер!

Сот тутумунун өкүлдөрүнүн адилеттүүлүк үчүн күн сайын күрөшүнүн, талыкпаган эмгегинин жана ошондой эле терең билим менен мол тажрыйбага тунган кесипкөйлүгүнүн аркасында өлкөбүздө мыйзам үстөмдүгү өкүм сүрүүдө.

Мына ошондуктан жалпы сот тутумунун бардык өкүлдөрүнүн салымын терең урматтоо менен белгилейбиз.

Сот тутумунун 100 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилөө менен биз өткөн тарыхтан сабак алып, келечекке жаңы максаттарды коюп, сот тутумубузду мындан ары да өркүндөтүүгө умтулабыз.

Ошону менен бирге, заман талабына ылайык, сот тутумун санариптештирүү иш-чаралары, анын ичинен судьялардын иштерин баалоо жана судьяларды тандоо процесстерин санариптештирүү менен сот адилеттигин камсыз кылууда адам факторлорун жоюу, катардагы коррупциялык көрүнүштөрдөн толугу менен арылуу жана соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо сыяктуу маанилүү иштерди жүзөгө ашырабыз. Мунун баары сот тутумундагы ачык-айкындуулукту камсыз кылып, сот реформаларын аягына чыгарууга өбөлгө болот.

Урматтуу сот тутумунун өкүлдөрү!

Адам тагдыры менен байланышкан ары татаал, ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү ишиңиздерди адал эмгек, ак кызмат менен улантасыздар деп бекем ишенем. Ошондо биз мамлекетибизди өнүккөн өлкөгө, адилеттүү жана укуктук коомго айлантабыз.

Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди жана турмушуңуздарга бакубатчылык каалайм.

Баарыңыздарды кыргыз сот тутумунун 100 жылдык мааракеси менен дагы бир жолу куттуктайм.

Көңүл бурганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем”.

Расмий бөлүктөн кийин иш-чара концерттик программа менен улантылды.

Пикир

Оставить комментарий