• 87.7
  • 95.05
  • 0.99

Президент мамлекеттик сыйлыктын ээлерине: Сиздер жалпы Кыргызстандын ишенимдүү таянычысыңар!

Президент 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. “Мамлекеттин эң жогорку сыйлыгына татыган бүгүнкү кыргыз элинин атуулдары – Сиздер жамы журттун, жалпы Кыргызстандын ишенимдүү таянычысыңар!” – деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда, кыргызстандыктарга —ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземинде белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деп белгиледи:

“Урматтуу мекендештер! Эмгеги сиңип, эл сыймыгына татыган кадырлуу замандаштар!Бүгүнкү салтанаттын кымбаттуу катышуучулары!

Бүгүнкү сыйлык тапшыруу аземибиз Жаңы 2023-жылдын алдына туш келгендиктен, оболу кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!Өз кесибин сүйүп, анын майын чыгара иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө, жалпы эле интеллигенцияны калыптандырууга бараандуу салымын кошуп келе жаткан мекендештерибизди бүгүнкү сыйлыктары менен дагы куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!Учурда өлкөбүз жаңы жылга аяк басып, 2022-жылдын жыйынтыгын чыгаруунун алдында турат. 2022-жыл өлкөбүз үчүн өзгөчө жыл болду. Шайлоо өнөктүктөрүн толук жыйынтыктап, экономика баштаган олуттуу тармактарды өнүктүрүүгө дал ушул 2022-жылы кириштик.

Ошентип, ынтымактуу журтубуздун колдоосу менен эл кызматын аркалаган мамлекеттик бийлик органдарынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында узап бараткан жыл Кыргызстанда бир катар олуттуу окуялар менен тарыхый чечимдерге бай болду. Жыл башынан тарта туура жүргүзүлгөн каржылык-фискалдык саясаттын жыйынтыгында казынабызда каражат пайда болуп, эмгек акыларды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк ачылды. Экономикалык жылыштарга чоң өбөлгө боло турган “Кумтөр” алтын кени мамлекетке кайтарылды. Электр кубатын өндүрүүгө багытталган иштер колго алынды. Темир жол курууга белсендик. Кыргызстандын деңизге чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзө турган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу маселеси чечиле баштады. Маданият тармагында “Манас” эпосубузду кеңири жайылтуу, өлкөдө билим берүү тармагын реформалоо, спорт тармагындагы ийгиликтерге, саламаттык сактоо жаатындагы жетишкендиктерге өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар.

Мен буларды тизмектеп, кыскача токтолуп жаткан себебим, бул жетишкендиктердин жаралышына өз тармагынын мыкты адистеринин, кесипкөйлөрүнүн, Ата Мекени үчүн талбай иштеп, ак кызматын өтөгөн биздин мекендештердин, алардын ичинде мына сиздердин эмгегиңиздер зор деп билем!Кыргыз коомчулугу үчүн мындай ийгиликтер чоң сыймык! Себеби, 30 жылдык эгемендүүлүк мезгилинде революцияларды башынан кечирип, коррупция терең тамырлап, экономиканы телчиктирүү мүмкүнчүлүгү аз болгон өлкөбүздө кыска аралыктын ичинде коомдук-саясий мааниге ээ маселелердин бир тобу чечилип, бир топ тармактарда жигердүү иштер аткарыла баштады. Өлкөбүздү объективдүү, субъективдүү себептерге карабастан, ырааттуу өнүгүү жолуна салып, жалаң эле экономика, каржы маселелери эле эмес, улуттук баалуулуктарыбыздын бекем сакталышына да кам көрүүгө бет алдык.

Ардактуу сыйлык ээлери!

Бүгүнкү күндө мезгил жаңы милдеттерди тагып, жаңы талаптарды коюуда. Биз коронавирус пандемиясынан кийинки калыбына келүү мезгилинде, дүйнө жүзү боюнча чукул бурулуштар учурунда турабыз. Албетте, дүйнө коомчулугунун бир бөлүгү катары бул кырдаал кыргызстандыктар үчүн дагы бир чоӊ сыноо. Кыргыз эли - 3 миң жылдан ашуун бай тарыхы бар, бирде чоң-чоң дөөлөттөрдү курууга жетишкен, бирде тукум курут болуп кетүү коркунучуна кептелген, бирок тарыхый сыноолордон жеңиштүү чыккан эл.

Тагдырдын ары татаал, ары сынаакы кезеңдеринен өз мезгилинин жазылбаган мыйзамдары болгон – нарк-насил, каада-салт, же бүгүнкү тил менен айтканда, элдик кодекстер менен өтүп келген элибиз дүйнө жүзүндө болуп жаткан бурулуштарда дагы ийгиликтүү жол таап чыгып кетет деп ишенем! Ошол улуу элдин урпактары катары биз – кыргызстандыктар мындай тарыхый озуйпаны татыктуу аткарышыбыз керек! Биздин жалпы максатыбыз – мамлекеттүүлүктү бекемдөө, анын бүтүндүгүн сактоо, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, эл биримдигин чыңдоо, калк турмушун жакшыртуу болушу шарт. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” улуу биримдигин бекем кармаган ынтымактуу калкыбыздын колдоосу менен биз тарыхый милдетибиздин өтөөсүнө чыгабыз деп ишенимдүү айта алам!

Ага өлкөбүздүн мүмкүнчүлүгү, элибиздин асыл сапаттары жана эң башкысы өлкө жетекчилигинин эрки дагы жетиштүү!Бул милдеттин өтөөсүнө чыгууда ушул залда отурган ар тармактын усталарынын, өз өлкөсүнүн мекенчилдеринин ар бири болгон билимин, тажрыйбасын аяшкан жок. Дегеле, мамлекеттин эң жогорку сыйлыгына татыган бүгүнкү кыргыз элинин атуулдары – Сиздер жамы журттун, жалпы Кыргызстандын чоӊ таянычысыңар деп баса белгилеп айтаар элем!

Мына ошондон улам, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы, жигердүү ишмердиги үчүн бир катар жарандарыбызды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары менен сыйлоо чечимине келдик. “Атын атаса, куту сүйүнөт” дегендей, сыйлык алгандардын ысымдарына токтолсок, акыйкаттыкты, калыстыкты сүйгөн элибиз кол чаап, сүйүнөт деген ойдомун. Маселен, элдин аң-сезими өсүп, маданият өнүкмөйүн, башка тармактарда өнүгүү болбостугу белгилүү. Бир эле Геннадий Базаровду алсак, ал кишини өз мезгилинде дүйнөгө “Кыргыз керемети” деген ат менен даңкы тараган кино искусствосунун дүңгүрөгөн доорунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары билебиз.

Таланттуу кинорежиссер, сценарист, прозаик катары чыгармачылыгы менен өзгөчөлөнгөн кеңири чыгармачыл диапазонго ээ Геннадий ага менен кайсы мезгил, кайсы жер болбосун сыймыктанабыз!Ал эми өмүрүнүн жарым кылымдан ашуун мезгилин кыргыз тарыхына арнаган, «Кыргыз-орус мамилелеринин тарыхы» илимий мектебинин негиздөөчүсү болгон Владимир Михайлович Плоских тегибизди таанып, тарыхыбызды тактоого салмактуу салым кошкон кесипкөй адистерден экендигинде шек жок.Айрым улуу инсандарыбыздын аты менен Кыргызстан таанылат, дал ушундай улуу инсан даражасына жеткен Кайыргүл Сартбаева эжебиздин дагы жогорку мамлекеттик сыйлык алып жатканына абдан кубанып олтурам. Чындыгында эле Кайыргүл Сартбаева деген ысымды кимдер гана билбейт!Илимдин даңгыр жолунда жүрүп, коомдук турмушка жигердүү катышып, коомдук пикир жарата билүү бардык эле окумуштуулардын маңдайына жазылган эмес.

Мына ушундай ар тармактуу окумуштуулардын сап башында Каныбек Осмоналиев, Сулайман Кайыпов агайларыбыз, Үмүт Култаева эжейибиз турат.Соңку жылдары өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө бөтөнчө маани берилип, чек араларды тактоо маселеси күн тартибинде турган биринчи кезектеги маселеге айланганын жакшы билесиздер. Кудай буюрса, чек араларыбыз такталып бүтүп баратат. Бир гана Тажикстан менен чек араны тактоо маселелери калды, аны дагы жакынкы мезгилдерде аягына чыгабыз. Мына ушундай машакаттуу, тарых алдында жоопкерчиликтүү көйгөйлөрдүн чечилишинде ат көтөргүс эмгек кылган, бирок ысымы коомчулукка көп билине бербеген чыныгы адистер болот эмеспи. Назирбек Бөрүбаев агабыз дагы дал ушул чек ара маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү, 2000-жылдардан тарта Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны делимитациялоо, демаркациялоо маселелерине үзбөй катышып келаткан дасыккан адис болуп саналат. Мындай атуулдарыбыздын эмгегин өз учурунда баалабай койсок болбойт деген ойдомун.

Урматтуу мекендештер! Маанилүү бир жагдайды айта кетпесем болбос. Кечээ жакында кошуна Өзбекстан менен чек ара маселесине толук чекит койдук. Ошол маселеде Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аракет кылган топтор пайда болду. Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок, себеби эл маселе кандай чечилгенин толук түшүнүп турду. Кемпир-Абадды дээрлик 70 жылдан бери кошуна Өзбекстан башкарып келген. Бул жолу чогуу башкарууга кирдик, мындан ары бирге башкарабыз. Азырынча муктаждыгыбыз жок, бирок качандыр бир убакта муктаждык жаралып калса, суу сактагычтын айланасындагы айылдарга суу тартып алуу боюнча жаңы келишимге норма киргиздик, биз, эки тарап – өзбек жана кыргыз тарап.

Эмнеге жетиштик, эмненин алдын алдык? Качандыр бир убакта келечекте суу муктаждыгы жаралса, суу алуу маселесин камсыз кылып койдук. Эгерде ушундай норманы киргизип, чечип койбосок, келечекте эки элдин ортосунда чыр чыгып кетиши мүмкүн. Мурдагы келишимде мындай норма жок эле. Бизде суу чыкса, эмнеге биз өзүбүз колдоно албайбыз, деген маселе көтөрүлүп бизде, эки элдин ортосунда чыр чыгат. Биз мындай норманы киргизүү менен, эки элдин келечек муундарына ынтымакта, тынчтыкта жашашын камсыз кылдык. Эки эл түбөлүк ынтымактуу жашаш керек. Ал эми суу астында жер биздики болуш керек, деп чыр чыгарып жаткан өзгөндүк мекендештерге айтаарым, ооба, жер силердики, бирок ал жер 1965-жылы эле алмашылып кеткенин унутпаңыздар. Кошуналар ошол убакта эле суу басып жаткан жерлер үчүн өз жерлеринен берген бизге. Тарыхый документтер архивде турат. Бирок ошентсе дагы, суу жок болуп, жерлер кургап кеткен заман келип калса, бирок ал заман жакынкы кылымдарда келбейт деп ойлойм, эгер келип калса ошондой заман, бошогон жерден алмашып алабыз, андан эч кам санабаңыздар. Анткени ал жер айыл-чарба багытына мүмкүн болбой кала турган жер болуп калат.

Өлкө турмушунда өз ишин мыкты аткарып, барган сайын топтогон тажрыйбаларын жаш адистерге үйрөтүп, Кудай берген шык-жөндөмүн элине арнап, эч билинбей, сыйлык деп жулунбай, түз жүрүп, түз иштеген жарандарыбыз арбын. Алардын катарында жогорку даражадагы врач эжекебиз Айша Исмагулова, Зайрабүбү Шамырканова, Токтобек Термечиков жана башкалар замандаштарыбыз бар. Элүү жети жылдык врачтык стажы бар Айша Исмагулова эжебиз сексенден ашса да алыскы Сары-Жазда, Эңилчек эмканасында алигиче эмгектенип келатат!

Мындай Мекен жүгүн аркалаган, элинин саламаттыгы башкы планда турган атуулдар биринчи кезекте сыйлык алууга татыктуу!Билиминин, жөндөмүнүн жана 40 жылга чукул иш тажрыйбасын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумун өнүктүрүүгө арнап, чоң салым кошуп келаткан Айнура Акерова айым дагы мамлекеттик сыйлыкка татып олтурат.Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фондунун президенти Толкунбек Исаков аттуу жараныбыз мамлекет менен коом турмушундагы орчундуу маселелерди жөнгө сала турган ченемдик-укук актыларды иштеп чыгуу процессине жигердүү катышып келатат. Анын ысымы кыргыз коомчулугуна кеңири белгилүү. Себеби, ал юрист катары мыйзам жазуу иштерине эле батыл киришпестен, коом турмушунун бардык чөйрөсү менен аралашып, жеке көз карашын билдирип келаткан активдүү жарандарыбыздын катарында.

Бүгүнкү иш-чарабыздын алкагында сыйлык алып жаткан жарандарыбызды сыймыктануу менен атап, алар тууралуу кеңири сөз кылууга убактыбыз чектелүү экен. Калган сыйлык ээлеринин ысымдары жарыяланып, элдин таразасына коюлат. Калган пикирлер, каалоо-тилектерди кара кылды как жарган элибиз айтсын. Эмесе, ошол сыйлыктарды ээлерине тапшыруу жөрөлгөсүн баштоого уруксат этиңиздер!

Ошентип, сыйлыктар өз ээлерин тапты деп ойлойм. Өз ишмердиги менен өзгөчөлөнгөн атуулдарыбызга чың ден соолук, бакубат турмуш, жарык маанай, мындан аркы иштерине дагы албан-албан ийгиликтерди каалайм. Дагы далай жаратман эмгектерди элибизге тартуулай бериңиздер! Баарыбыз Кыргызстандын келечеги үчүн биргелешип иш кылалы! Сиздерге чоӊ ыракмат! Сыйлыгыӊар кут болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий