• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент: Мамлекеттик тил боюнча мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок

Президент 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде мамлекеттик тил боюнча кабыл алынган мыйзамга карата айтылып жаткан айрым пикирлерге токтолду.

Белгилей кетсек, жакында эле Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынышына карата пикирин билдирип, анда ал бардык мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү кылуу демократиялуу эмес экенин, мамлекеттик кызматкерлерден тышкары буга мугалимдер, дарыгерлер кошулганын айткан.

"Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдер менен врачтарга тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып атабыз дейли. Анан аны “сен кыргызча билбейт экенсиң” деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз.

Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсен ошончолук өзүңө жакшы эмеспи", - деп белгиледи президент.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 17-июлунда Кыргызстандын президенти мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий