• 87
  • 89.77
  • 0.79

Президент окумуштуулар менен илим ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, окумуштуулар менен илим ишмерлерин кесиптик майрамы – Илим күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу илимпоздор! Илим дүйнөсүнүн ардактуу өкүлдөрү!

Баарыңыздарды бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Дүйнөлүк экономикадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүк ар бир өлкөнүн илимий жана илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталууда. Мына ошондуктан илим чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон илимий ишмердүүлүктү жандандырууга багытталууда. “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлык дагы илим, техника, инновациялар жаатында иш-чараларды активдештирүү, илимий-техникалык изилдөөлөрдү өнүктүрүү боюнча окумуштуулар арасындагы байланыштарды чыңдоо үчүн кабыл алынганын билесиздер.

Учурда илимий-техникалык прогресстин темпин ыкчамдатуу жана аны бүгүнкү күндүн чакырыктарынын талабына ылайыктап өнүктүрүү өлкө экономикасынын ар бир тармагы үчүн өтө маанилүү болуп турат. Жаңы технологиялар жана илимий чечимдер аркылуу өнөр жайды жана экономикабызды модернизациялоого, өндүрүштүн түзүмүн өзгөртүүгө, жаңы рынокторду ачууга, аймактар аралык жана мамлекеттер аралык экономикалык байланыштарды бекемдөөгө шарттарды түзүшүбүз кажет.

Илимди мамлекеттин өнүгүшүнө өтө керектүү тармак катары кароо менен өлкөбүздүн илим системасынын материалдык-техникалык базасын, илимий-изилдөө потенциалын талаптагыдай өнүктүрүүгө, бирдиктүү координация жүргүзүүгө бар аракетибизди жумшап жатабыз. Илим жана инновацияга инвестиция салуу аркылуу гана биз өнүгүүнүн жаңы этаптарына кадам таштап, глобалдык илимий мейкиндикке тең укуктуу катышуучу катары кошулууга шарт түзөбүз. Кайсы тармак болбосун, бардык иштерди илимге негиздөө менен гана аткарууга умтулушубуз абзел.

Биздин жалпы максатыбыз – илимди өлкөнүн келечекке карай кадам таштоосунда жетектөөчү күчкө айландыруу! Кыргызстандын өнүгүүсүн камсыздоо фундаменталдык жана прикладдык илимдердеги ири долбоорлорсуз мүмкүн эмес. Андыктан, урматтуу окумуштуулар, сиздердин алдыңыздарда турган эң маанилүү милдеттердин бири – эл аралык окумуштуулар менен тыгыз кызматташтыкта болуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап билимдерди өздөштүргөн кадрларды даярдоо болуп саналат.

Урматтуу илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү! Дагы бир жакшы саамалык, жакын арада Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин өз эшигин ачат. Бул – биздин илимпоздорубуздун шартын жакшыртууга багытталган мамлекеттин дагы бир кадамы.

Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы ачылыштарды жана коомубуздун өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган ири долбоорлорду ишке ашырууну каалайм. Илимий ишмердигиңиздерди албан-албан ийгиликтер менен жетишкендиктер коштосун! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!”

Пикир

Оставить комментарий