• 84.2
  • 92.98
  • 0.92

Президент Садыр Жапаров "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Президент Садыр жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам калкка көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана аларды алуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, билим берүүдөгү жолун жолдоочулукту күчөтүү, ошондой эле заманбап талаптарга жооп берген жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды өстүрүү жана калыптандыруу үчүн билим берүү тутумун реформалоо максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган мыйзам төмөнкү жаӊылыктарды камтыйт:

– формалдуу эмес билим берүү процессинде же өз алдынча практикада ээ болгон жарандардын кесиптик компетенцияларын, көндүмдөрүн сертификациялоо жана валидациялоо институту киргизилет;

– жогорку окуу жайларына өзгөчө статус ыйгаруу маселелерин жана алардын ишин жөнгө салуу;

– онлайн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуу;

– билим берүү уюмдарынын билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин киргизүү;

– тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү автомектептердин ишин, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билимди кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын лицензия алуудан бошотуу.

Пикир

Оставить комментарий