Бишкек, 25.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы "Достук" чек ара заставасына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.
Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди.
Президент Садыр Жапаров чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын баса белгиледи.
Мамлекет чек арадагы аскерлердин кызмат өтөөсү талаптагыдай деңгээлде болушу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдө.
Пикир
Оставить комментарий