• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Дубайга келди

Президент 0


Бишкек, 30.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

Мамлекет башчысынын борту "Аль-Мактум" эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алды.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.

Пикир

Оставить комментарий