Президент 2010-жылдагы июнь трагедиясын эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь трагедиясын эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунда төмөнкүдөй айтылат:

Кымбаттуу мекендештер!

Этностор аралык кагылышуулар бүгүнкү күндө да көптөгөн өлкөлөр үчүн башкы көйгөй жана оор сыноолордун бири болуп калды. Мындай каргашалуу окуялардын натыйжасы бир өлкөнүн туруксуздугуна, же экономикасынын алсырашына эле алып келбестен, кайра калыбына келтире албаган кесепеттерге алып келген учурлар да бар.

Тилекке каршы, бизде да 2010-жылы көп этностуу Кыргызстаныбыздын биримдигин уратууга, эзелтен боордош болуп жуурулуша жашап келген элибиздин ынтымагын бузууга ниет кылгандардын ою кайсыл бир деңгээлде ишке ашып, дүйнөдөгү негативдүү тенденциялар өлкөбүздүн турмушунда дагы орун алган. Бүгүн 14 жыл мурунку Ош, Жалал-Абад аймактарында болгон кандуу калабаны, анда каза болгон жарандарыбызды кайгыруу менен эскерип турабыз.

Ошол каргашадан ондогон кылымдарды башынан кечирген санжыргалуу тарыхы бар Кыргызстан калкы эң алды журт биримдиги деп ураан чакырып чыга алды. Ошентсе да 2010-жылдагы бул каргашалуу окуяны эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Бийликке келгендер да, эл да мындай арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек. Жеке кызыкчылыктарга азгырылбай, баарыбыздын Ата Мекенибиз Кыргызстан экенин, аны бизден башка эч ким коргобостугун аңдап түшүнүүбүз зарыл.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан көп этностуу элибиздин ынтымагын бекемдөө үчүн "Кыргыз жараны" концепциясы ишке ашырылып, Кыргызстан элинин ассамблеясы менен дагы ырааттуу иш-чараларды өткөрүү сындуу Кыргызстан элин бириктирүүгө багытталган программалуу документтер ишке киргизилген.

Биз көп этностуу жамааттардын өлкөнүн коомдук турмушунун бардык чөйрөсүнө жоопкерчилик менен жигердүү катышуусун камсыздоого жетишүүбүз зарыл. Ошону менен бирге өлкөбүздөгү этностор, конфессиялар жана башка социалдык топтор Баш мыйзамыбыз баштаган укуктук документтерге баш ийгенде жана мыйзам үстөмдүгү орногондо гана мамлекетибизде ынтымак, биримдик жана өнүгүү болот.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Ата Мекенибиздин бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактоо, мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо үчүн жоопкерчилигибизди сезе билели. Эгемен мамлекетибиздин кадырына жете билели.

Кыргызстандын жаркын келечегин курууда ынтымагыбыз бекем, көздөгөн максатыбыз бир болсун!

Жараткан жалпы журтубуздун биримдигин арттырып, ырыскысын мол кылсын!”

Пикир

Оставить комментарий