Садыр Жапаров эртең иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине барат

Президент 0

Бишкек, 29.10.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-октябрынан 1-ноябрына чейин Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган.

Өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында бир катар документтерге кол коюу мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий