• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Баткен облусуна барат

Президент 0

Бишкек, 24.12.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров 24-25-декабрда иш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирет.

Мамлекет башчысы сапардын жүрүшүндө чек ара аймактарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана өнөр жай объектилеринин абалы менен таанышат.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров аймактагы ички жолдорду реконструкциялоонун жүрүшүн көрөт.

Пикир

Оставить комментарий