• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти

Президент 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, Казакстан президент Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев;
- билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
- транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;
- энергетика министри Таалайбек Ибраев;
- юстиция министри Аяз Баетов;
- Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;
- Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев;
- экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров.

Пикир

Оставить комментарий