• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Венгрияга барат

Президент 0

Бишкек. 18.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 20-августта Венгрияга иш сапары менен барат.

КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапешт шаарында өтчү Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (2023-жылдын 19-29-августунда өтөт) катышат.

«Аталган иш-чарага башка мамлекет башчыларынын да катышуусу күтүлүүдө. Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара карым-катнаштын келечегин талкуулашат», - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикир

Оставить комментарий