• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Президент Садыр Жапаров Италия жана Ватиканга расмий сапары менен барат

Президент 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 2-4-октябрь күндөрү Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“3-октябрда президент Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, Италиянын министрлер кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, Италиянын Депутаттар палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италиянын Сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган", - деди ал.

Маалыматка ылайык, Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.

"2024-жылдын 4-октябрында президент Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Пикир

Оставить комментарий