• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров Катардын Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) Катар Мамлекетинин Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани менен жолугушту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, аймактык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле Катар Эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз тараптын, өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда биргелешкен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Катардын Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани Кыргызстанга Катардан конкреттүү тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтей турган эксперттик-инвестициялык топ жөнөтүлөрүн билдирди.

Мындан тышкары, Тамим ибн Хамад Аль Тани Садыр Жапаровду Катарга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Катар элдеринин жыргалчылыгы үчүн өлкөлөр ортосундагы биргелешкен кызматташтыкты арттыруу үчүн активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий