• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Президент Садыр Жапаров Кореянын элчиси Ким Кванджэни кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэни ишеним грамоталарын тапшыруу аземине катышканына байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн мындан 32 жыл мурда түзүлгөн дипломатиялык мамилелери элдердин достук салттарына, руханий жана маданий жакындыгына, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтык принциптерине негизделгенин белгиледи.

Бул контекстте мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык чөйрөсүнүн маанилүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы оң натыйжаларды баса белгиледи.

Кыргызстан менен Кореянын Экономикалык өнүгүү кызматташтыгы фондунун (EDCF) алкагында, саламаттыкты сактоо жана финансы тармактарында ар түрдүү өкмөттөр аралык жана кредиттик келишимдер түзүлүп, маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Өз кезегинде Кореянын элчиси Ким Кванджэ жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнү камсыздоодогу, жумуш орундарын түзүүдөгү жана ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендиктерин канааттануу менен белгиледи.

Муну менен катар Ким Кванджэ корей тарап кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар жана эки өлкөнүн өз ара аракеттенүү потенциалын кеңейтүү үчүн алдыңкы тажрыйба жана заманбап технологиялар менен бөлүшүүгө даяр экендигин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий