• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Президент Садыр Жапаров майнинг боюнча жооп берди

Президент 0

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген кыскача маегинде өлкөдөгү майнинг фермаларга байланыштуу суроого жооп берди.

— Азаттык медиасы «мамлекет электр энергиясы менен элди камсыздай албай жатып, кайдагы бир жеке майнинг фермаларга электр кубатын текейден арзан берип жатат» деп айтып чыкты. Мунун чын-бышыгын элге ачыктап берип койсоңуз?

— Азаттык өлкө ичинен эч качан жакшылык издебейт. Жалан жамандык издөө менен алек болушат. Буга бүткүл кыргызстандыктар күбө болдуңар.

Бир ишти түшүнүп-түшүнбөй туруп эле сындай бергенден, жалган маалыматтарды тараткандан алыс болушса жакшы болот эле.

«Толук маалыматын жокпу, ал ишке мурдуңду тыкпа» деген сөз бар.

Азаттык көчөдө жүргөн түшүнүгү жок адамдарды сүйлөтө калып эле элдин башын айлантып видеоматериал таратаардан мурда министрден сурап алса болмок.

Эми мен толук чечмелеп айтып берейин.

Биринчиден текейден арзан эмес, эң кымбат баа менен 1 Квтын 5 сом 04 тыйын менен Кемин районуна майнинг ферма курганга уруксат бергенбиз. Себеби Кемин подстанциясынын күч кубаты жетет. Экинчиден жайдын күнү бизде электр энергия толук жетиштүү. Ал түгүл ашып калат. Эч бир жакка сата албайбыз. Ошондуктан энергетика системасына пайда түшсүн деп, нагрузканы көтөрө алчу участокторго уруксат берип жатабыз. Эгер кыштын күнү кыйынчылык келе турган болсо үч ай токтотуп коебуз. Калган тогуз ай бою иштей беришсин. Энергетика системасына, салык инспекциясына миллиондогон сом таза кирешелерди берет. Мисалы ушул эле Кеминдеги майнинг ферма алты ай убакыттын ичинде 480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка төлөп берди. Бул акчанын баары мамлекеттин, ошол эле элдин пайдасына түштү. Эми бул компания жергиликтүү салык инспекциясына катталды. Мындан ары салыктарды жергиликтүү бюджетке төлөйт. Албетте райондо жылыштар пайда болот.

Бизде электр энергия кыштын күнү гана жетишсиз болот.

Жетишпеген көлөмдү чет өлкөдөн 3 сомдон сатып алабыз. Майнинг фермага 5 сом 04 тыйындан сатканда энергетика системасына 2 сом 04 тыйын таза киреше калат. Мындан сырткары салыктар түшөт. Мамлекет пайдадан башка зыян тартпайт.

Келечекте биз кыштын күнү чет өлкөдөн электр энергиясын импорттоодон баш тартабыз. Азыр курулуштары жүрүп жаткан ГЭСтер ушул жылдын аягына чейин четинен ишке кире баштайт. Келечекте электр энергия экспорттогон өлкөгө айланабыз. Эмдиги жылдан баштап CASA 1000 линиясы аркылуу Пакистан менен Афганистанга чейин электр энергиясын экспорттоо милдети турат. Дүйнөлүк банктын алдында мурда эле милдеттенме алыптырбыз.

Ошондуктан ГЭСтерди куруу темпин күчөтүп жатабыз.

Ал эми Камбар-Ата 2 ГЭСиндеги майнинг ферма боюнча жөнөкөй тил менен ийне-жибине чейин түшүндүрүп берейин.

ГЭС 2010-жылы ишке кирген. 120 МВт иштеп чыгып келе жатат. Мунун 90 МВтын гана сыртка алып чыга алабыз. Анткени өткөрүү мүмкүнчүлүгү 90 гана МВт экен. 13 жылдан бери калган 30 МВты абага сиңип кетип жүрүптүр. 6 миллиард 816 миллион кВт саат энергиядан куру жалак калыптырбыз. Акчалай санап көргөнүбүздө 3 миллиард 275 миллион сом жоготууга учураптырбыз. Бул үчүн буга чейинки шалаакы жетекчилердин баарын жоопко тартса болот. Эмне үчүн 13 жылдан бери 30 МВттан жоготуу болуп атса көңүл бурушкан эмес.

Биз ошол жерге (Камбар-Ата ГЭСинин ичине) 30 МВт ка чейинки майнинг ферма койгонго уруксат бердик. Ал майнингти курууга эле 20 миллион доллардын тегерегинде акча кетет. Инвестор салат. Майнинг ферма ишке кирсе мындан ары жоготуу болбойт. Акча энергетиктерге түшөт. Тагыраагы элдин чөнтөгүнө түшөт деген эле кеп. Ар бир тыйыны, ар бир кВт сааты энергетиктердин көзөмөлүндө болот. Баары компьютерлештирилип жатат. Карап турабыз. Биз ар бир жасап жаткан ишибизди жети эмес, жетимиш жолу өлчөп туруп анан чечкиндүү кадамдарга барып жатабыз. Мамлекетке зыян келчү иштерден дароо баш тартабыз. Ошондуктан жалаң гана жамандык издегендерге айтаарым, кандай гана тема болбосун биринчи абдан тактап алып анан материал чыгарып жүргүлө демекчимин. Элдин башын айлантууга жасаган аракетиңерден майнап чыкпайт. Элибиз 30 жыл мурдакы эл эмес. Азыр баары саясий жактан болобу, экономикалык жактан болобу сабаттуу.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий