Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров төрагалык кылуучу тарап — Армениянын чакыруусу менен 16-майда, Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн кабыл алуу күтүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий