Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна иш сапары менен барат, - деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.
Мамлекет башчысы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктун көрүп чыгат, инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу пландары менен таанышат.
Ошондой эле президент жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрмөкчү.
Пикир
Оставить комментарий