Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу таштандыны туш келди ыргыткандардын видеосу менен бөлүшүп, шаардыктарды тазалыкка чакырды.
Өлкө башчы эл арасында, өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында кайдыгер, балит адамдар бар экенин белгиледи.
"Мен шаар жетекчилерин "Таштанды челектин сыртына чейин таштанды чыгып кеткен, тазалабайсыңар, тазалыкты начар кармайсыңар!", - деп урушам. Алар мага ушул видеону жөнөтүштү. Эмне деген адепсиздик?
Таштанды челектер бош турат. Машинадан чыга калып таштанды челектин ичине салып коюш ошончолук кыйынбы?!
Анан мэрлерди "Таштандыны тазалап коюшпайбы, шарт түзүп беришпейби?", - деп сындасаңар жаныңарга киши тура албайт.
Мына ушул видеону жакындатып карасаңар кимдер экенин кошуналары тааныйсыңар.
Уяткарып, тарбиялап койбойсуңарбы?! Коомду жалгыз киши тарбиялай албайт. Коом өзүн өзү тарбиялаш керек", - деп жазды президент.
Пикир
Оставить комментарий