• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына келди

Президент 0


Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасына түркмөн акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтык жана өнүгүүнүн негизи” эл аралык форумуна катышуу үчүн келди.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысын Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов тосуп алды. Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий