Президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумуш сапары менен барат

Президент 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас облусуна бир күндүк жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Мамлекет башчысы Талас шаарынын аэропортунун жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров "Бала-Саруу" ГЭСинин ачылышына катышат. Анын расмий ачылышы УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып берүүнүн башталышы - 11.00.

Пикир

Оставить комментарий