Президент «Жалал-Абад» май иштетүүчү заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө «Жалал-Абад май иштетүүчү заводу» ЖЧКсына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысына заводдун май чыгаруу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, ишкананын үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыгы жөнүндө айтылды.

Май иштетүүчү завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү башталган.

Үстүбүздөгү жылдын мартында завод өз ишин баштаган. 2022-жылдын мартынан сентябрга чейин 900 тонна суу май өндүрүлгөн. Майды өндүрүүдө чет өлкөлүк сырье колдонулат.

Бүгүнкү күндө завод өзүнүн кубаттуулугунун 40% гана колдонот. Ошондой эле компания пахтаны кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүнү пландап жатат.

Маалымат уккан соң президент өсүмдүк майын өндүрүүдө жергиликтүү сырьену колдонуу, заводду модернизациялоо жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров май иштетүүчү завод жогорку экспорттук потенциалга ээ экенин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүнө ишкананын иши жана аны модернизациялоо маселесинде жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий