Президент Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыздоонун үчүнчү баскычы башталганын жарыялады

Президент 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыздоонун үчүнчү баскычы башталганын жарыялады.

Ал учурда Кыргызстанда анын тапшырмасынын негизинде көпчүлүк жарандар үчүн көйгөйлүү маселе – турак жай менен камсыздоону чечүү багытында иштер кызуу жүрүп жатканын белгиледи.

"Бул - Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жана мамлекеттик кызматта иштегендерге эле эмес, жеке жактарга дагы ипотекалык негизде кезексиз батирлүү болуу мүмкүндүгү.

Ал үчүн батир алууну каалаган мүмкүнчүлүгү бар жарандар турак жайдын баасынын туура тең жарымын төлөшү керек эле.

Бирок, мындай мүмкүнчүлүк баарында эле жок экен.

Мисалы, ала турган батири 60 миң доллар турса, анын 30 миңин төгүш керек. Ал эми жарандын колунда 20 миң доллары гана бар дейли. Калганын кайдан алат?

Бул маселеде жардам бериш үчүн мамлекеттик РСК банкы менен Мамлекеттик ипотекалык компанияны (МИК) өнөктөш кылдык. Эки аптанын ичинде РСК банкынын аталышы “Элдик банк” болуп өзгөртүлөт", - деди өлкө башчы.

Президент муну жөнөкөй мисал менен түшүндүрдү. "Сиз тандаган батир 60 миң долларга бааланып жатат дейли. Сиздин колуңузда 20 миң долларыңыз бар. Кезексиз батир алыш үчүн МИКке 30 миң доллар беришиңиз керек. Батирге жетпей жаткан 10 миң долларды сизге “Элдик банк” (азыркы РСК банкы) беш жылга чейинки мөөнөткө 10 пайыз жылдык үстөк менен берип турат (Коммерциялык банктар 19 пайыз жылдык үстөгү менен беришет).

Эң башкысы “Элдик банк” берген кредити үчүн күрөө (залог) талап кылбайт. Күрөөсүз, бюрократиясыз тез эле берет", - деген ал алгачкы беш жылда “Элдик банктан” (азыркы РСК банкы) алган каражаттан кутулуп, андан кийин МИКтин калган 50%ын төлөөгө боло турганын айтты.

Анын айтымында, бул мехнизм октябрдын ортолорунан тартып иштей баштайт. Башкача айтканда, жетпей жаткан сумманы ошондо (болжол менен октябрдын он бешинен баштап) алууңарга мүмкүн болот. Анткени, “Банк жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл.

"Бирок батирге деп акча топтоп жаткандар болсо, азыртадан эле РСК банкынан эсеп ачып, каражатыңарды чогулта берсеңиздер болот.

Мыйзам коомдук талкууга илинди.

Күзгө чейин кабыл алып, болжол менен октябрдын он бешинен баштап “Элдик банк” жарандарыбызга кредиттерди бере баштайт.

Кимдир бирөөгө беш, кимдир бирөөгө он миң доллар жетпей калышы мүмкүн. Ошол каражатты “Элдик банктан” (азыркы РСК банкы) ала коюшат да, батирине талап кылынган баштапкы 50 пайыздык төлөмдү толуктап төлөп, батирге ээ болушат.

РСК банкты “Элдик банк” деп өзгөртүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өнөктөш кылалы дегенибиздин башкы максаты да ушул – азганча акчасы жетпей жаткандарга МИК алдында кепилдик кылып берүү.

Кыскасын айтканда, бул жаңы мехнизм турак-жай реформасынын үчүнчү баскычы. Бул жаңы эреже биздин миграцияда жүргөндөргө, жалпы эле үйгө муктаж жарандарыбызга жеңилдик берүү, мамлекеттик камкордук кылуу үчүн сунуш кылынган механизм", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий