• 87
  • 90.63
  • 0.79

Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Президент 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун 27-28-ноябрда Казакстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Астанада мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышты. Сессия Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өттү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалды өнүктүрүү коопсуздук коркунучтары менен күрөшүүдө гана эмес, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоодо да күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылаарын белгиледи. Буга байланыштуу Жамааттык коопсуздук Кеңешинин “ЖККУ алкагында союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо жөнүндө” чечими кызматташтыкты союздаштыктын духунда мындан ары курууга болгон жалпы умтулууну айгинелейт.

Ал жамааттык күчтөрдүн даярдыгын жогорулатуу, ченемдик укуктук базаны жакшыртуу, ыкчам жана күжүрмөн даярдыктын биргелешкен иш-чараларын ишке ашыруу аркылуу аскердик түзүмдү мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады.

Президент ошондой эле Кыргызстандын 2025-жылы Киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференция өткөрүү ниетин билдирди.

Сессиянын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү, уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары талкууланды.

Иш-чаранын соңунда бир катар документтерге кол коюлду, алардын ичинде “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тажик-афган чек арасын бекемдөө боюнча мамлекеттер аралык максаттуу программасы тууралуу” ЖККУ ЖККнын чечими кабыл алынды.

ЖККУ төрагалыгы 2025-жылдын 1-январынан тартып Казакстандан Кыргызстанга өттү.

Иш сапарын аяктап, 28-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий