Президент Садыр Жапаровго кыргызстандыктардын 82,6%ы ишенет

Президент 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровго кыргызстандыктардын 82,6%ы ишенет. Бул тууралуу Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы коомдук борбордон билдиришти.

Аталган борбор үстүбүздөгү жылдын 25-31-май аралыгында Кыргызстандын социалдык-саясий жашоосунун актуалдуу маселелерине багытталган социалдык сурамжылоо жүргүзгөн.

Жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардындын 82,6%ы президент Садыр Жапаровго ишенимин билдиришкен.

Мындан тышкары, алардын 72,5%ы акыркы үч жылда өлкөдө жашоо жакшырды деп эсептешет.

Пикир

Оставить комментарий