• 85.14
  • 95.07
  • 0.93

Президент селден жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлөөрүн билдирди

Президент 0

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кезектеги маегин берип, анда Ош облусунда орун алган селден каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, селдин алдын алууга карата жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Өлкө башчысы мындан тышкары, маегинде көрүстөндөр жана ага байланыштуу көйгөйлөргө токтолду.

Саламатсызбы?

Саламатчылык.

Белгилүү болгондой, Ноокатта сел болуп, тилекке каршы, адамдардын өмүрүн алды. Көп узабай Ошто дагы сел жүрүп, анда да жарандарыбыз каза болду, шаар тургундары экономикалык зыянга учурады. Табият кырсыктарын алдын алууга мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулуп жатабы? Селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөбү?

Алгач селден жабыркаган, селдин кесепетинен каза болгон жарандарыбыздын жакындарына көңүл айтып коёюн. Кайрат кылыңыздар. Өтүп кеткендерди Кудай өз мээримине алсын деп тилейли. Куран окуп туралы. Башка арга жок.

Табияттын кырсыгынан эч ким качып кутула албайт экен. Мен-мен деген дүйнөлүк чоң-чоң державалар дагы табияттын кырсыктарына туруштук бере албай жатканын көрүп эле атпайбызбы.

Биз селдин алдын алчу айрым жерлерде курулуш иштерин баштадык. Бир топ жерлерде иштер жүрүп жатат. Мындай иштер мындан ары да уланып кете берет. Өзүңүздөр билесиздер, мурда курулуш иштерин жүргүзчү техникалардын баары тээ 90-жылдардагы эскилиги жеткен техникалар болчу. Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери техникаларды минбей эле, техникалар өзгөчө кырдаалдардын кызматкерлерин минип калган. Курулуш иштери, алдын алуу иштери дээрлик жүрбөй калган.

Билесиздер, акыркы үч жыл ичинде техникаларын толук жаңыртып бүттүк. Былтыртан бери эле алгылыктуу иштер башталды. Эми бүткүл республика боюнча бир эле жылда бардык аймактарда селдин алдын алчу жерлерди бүтүрүп салыш кыйын да.

Кудай буюрса, жыл сайын курулуш иштерин жүргүзүп олтуруп, келечекте бүтүрөбүз. Мындай алдын алуу иштери тынымсыз уланат.

Ал эми селден жабыркагандарга келе турган болсок, албетте, мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт. “Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем.

Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүш керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле.

Ошондуктан, учурдан пайдаланып бардык жарандардан мамлекеттик камсыздардыруу компаниясына мүлктөрүңөрдү каттаткыла дейт элем. Көп деле акча болбойт. Кокус кырсык болсо камсыздандыруу компаниясы мүлкүңөрдүн ордун толук толтуруп берет. Ал – мамлекеттик компания. Мамлекеттин көзөмөлүндө болот.

— Көрүстөндөр жана ага байланыштуу көйгөйлөр тууралуу айткандарыңызды улуттук каналдан көрдүк. Анда бул маселеге көңүл бурбасак, айдоо аянттары азайып, калкты азык-түлүк менен камсыздоого таасир этерин айттыңыз. Ушул маселеге мамлекет азыр көңүл бурбаса кийин чындап эле чоң баш оору болот дейсизби?

Биринчиден, шарият боюнча мусулман баласынын көрүстөнүн үстүнө баалуу таштарды чектирип сүрөт коюуга, темирден тосмо тосууга, цемент-бетон колдонууга тыюу салынат. Мындай жөрөлгө маркумга эч кандай жардам бере албайт. Тескерисинче, отко бышкан материалдарды колдонуп, мүрзөсүнүн үстүн бастырып салганы үчүн маркумдун арбагы кыйналат деп айтылат.

Экинчиден, биздин өлкөнүн 94 пайызын тоолор ээлейт. Түз жерлерибиз болгону 6 пайызды түзөт. Ушул 6 пайыз түз жерлердин ичинде айылдарыбыз менен шаарларыбыз да жайгашкан.

Айдоо жерлерибиз аз. Биз бүгүнкү күндө бир эле буудайды алсак, өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албайбыз. Чет өлкөлөрдөн импорт кылып келебиз.

Жыл өткөн сайын түз жерлерибиз ого бетер тарып, азайып барат. Элдин саны жылдан жылга өсүүдө. Элдин саны өскөн сайын тамак-аш көп керектелет. Ошондуктан биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек.

Ар бирибизде “40-50 жылдан кийин биздин балдарыбыз, келечек муундарыбыз кандай жашайт?” деген санаа болуш керек. Аларга бүгүн кам көрбөсөк, кийин чындап эле алар үчүн чоң баш оору болот.

Мына ошондуктан капталга эмес, бийиктикке өсөлү деп Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин катуу жандандырдык. Жыл сайын казынадан каражат бөлүп берип жатабыз.

Жакынкы жылдарда айылдарга чейин кабат-кабат үйлөрдү курууга жетишебиз. Азырынча үйлөрдү куруу боюнча иштерибиз айрым кичи шаарлар менен райборборлорго жетти.

Эгер бийик кабат үйлөрдү куруу иштери бүгүнкүдөй темп менен уланса, 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын ар бир жаранында үй көйгөйү болбойт.

Мисалы, азыркы күндө беш жүз түтүн эл жашаган Кең-Суу айылында эле 100гө жакын жаштар үй салганга жер тилкесин сурап, кезекте турушат. Ал эми 150 түтүн эл жашаган айылдарда болсо, 50гө жакын жаштар жер сурап, кезекте турушат. Бул көйгөй өлкөнүн ар бир айылында бар. Жердин жоктугунан экиден, айрым үй-бүлөлөрдө үчтөн келин-уулу менен жашап жаткан ата-энелер четинен чыгат.

Ошондуктан шариат боюнча кайсы көрүстөн болбосун акыркы сөөк коюлуп, ал көрүстөн жабылгандан соң 25 жылдан кийин ал көрүстөндүн үстүн колдоно берсе болот деген чечим бар.

Жогорку Кеңеш кабыл алган тийиштүү мыйзамдарда дагы мындай ченем белгиленген.

Жогоруда мен өз айылымдан гана мисал келтирдим. Илгери көрүстөн болуп жаткан жерлерди Союз тарагандан кийин үй салганга бөлүп берген. Азыр тамдар түшүп, жапжакшынакай эле огород кылып иштетип атышат.

Соцтармактагы комментарийлерге караганда демилгеңизди көпчүлүк дароо колдоого алышты. Анткен менен, башкасы бүтүп, эми көрүстөндөр калдыбы, салтыбызга каршы болот, арбакты ыраазы кылыш керек деген айрым саясатчылар болду. Буга кандай комментарий бересиз?

Биздин өлкөдө саясатчылар эки түргө бөлүнөбүз.

Биринчиси популист саясатчылар.

Алар шайлоодон шайлоого чейин гана жашайт. Резонанс маселе боло калса, куру кыйкырык салып, элге күйгөн киши болуп сындап чыга калышат. “Эл көрсүн” болушат. Элге жакшы көрүнүп калыш керек да. Анткени кийинки шайлоодо “эсиңердеби мен минтип каршы чыккам, минтип сүйлөгөм, баланча маселеге каршы добуш бергем” деш керек да.

Экинчиси мамлекетчил саясатчылар.

Алар чечим канчалык оор болбосун, электораты канчалык каршы чыкпасын мамлекеттин келечеги үчүн чечилип жаткан маселе болсо, эч нерсеге карабастан кабыл алып кете берет.

Биз саясатчылардын ушул түрүнө киребиз. Мамлекеттин, келечек муундун кызыкчылыгы үчүн керекпи, тиешелүү чечим кабыл алып, ишти алдыга жылдырып кете беребиз. Бааны тарых өзү берет.

Ошол үчүн “кокуй, сынчы-саясатчылар эмне дейт” деп кылчактап олтурбай, чечкиндүү түрдө жалпы кыргызстандыктарга “көрүстөндөргө темир-таштардан эстелик тургузууну токтотолу” деп кайрылып жатам. Мага айрым саясатчылардын эмне дегени кызык эмес. Менин пикирим ушундай.

Ал эми маркумдарды ыраазы кылыш үчүн үйдө олтуруп эле, же алыста жүрсөң деле күнүгө арбактарга багыштап куран оку, ошол жетиштүү. Мына ошондо арбактар ыраазы болот.

Темирден койгон эстелик, же эки кабаттуу асман тиреген күмбөз, бул биздин салтта жок.

Кээ бир жарандарыбыз: “Биз эстелик тургузбай койсок, айылдаштарыбыз эмне дешет? Ата-энесине эстелик тургуза албай койду деп кеп кылышат да”, - дейт. Кеп кылса, “президент деле эстелик тургузган эмес, эмне болуптур”- деп менин жогоруда айтканымды мисал кылгыла.

Мен күнүгө эртең менен жалпы арбактарга багыштап куран окуп турам. Ошол жетиштүү. Багыштап куран окуу арбактар үчүн эстеликтен миллион эсе пайдалуу жана сооптуу.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин башкы директору Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий