• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Президент социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 19.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда өлкөнүн социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Бул күн боорукер, кайрымдуу жана мээримдүү, жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн жардамга муктаждарга арнаган адамдардын майрамы. Күн сайын башка адамдын түйшүгү менен көйгөйүн өз мойнуна алып, алардын жүрөгүн жакшылыкка, жашоосун үмүт менен сүйүүгө толтурган адамдардын майрамы. Социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлеринин күнүмдүк эмгеги бул сөздөрдүн чындыгынын далили десем жанылышпайм.

Мына ошондуктан, өлкөнүн социалдык тармагы ар дайым мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири болуп келген жана боло берет. Ал эми кесиптик бирликтерди кызматкерлердин социалдык-экономикалык укуктары менен кызыкчылыктарын коргогон ишенимдүү өнөктөшүбүз деп айтууга толук негиз бар.

Ата-бабаларыбыз илгертеден эле “Жакшы – эл камын ойлойт, жаман – өз камын ойлойт” деп таасын белгилешкен. Сиздер ата-бабаларыбыздан калган мындай ыйык касиеттердин бирин өз кесибиңиздерге айландырып келесиздер. Ар ким эле социалдык чөйрөдө же кесиптик бирликтерде кызматкер боло албайт, ары түйшүктүү милдетти көтөрө алган, жасаган ишин жан дили менен туюп билген адамдар гана бул кесиптерди аркалай алат.

Мамлекет жардамга муктаж адамдардын баарына кол сунат. Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин талбаган эмгегинин аркасында балдар, майыптыгы бар адамдар, ардагерлер, пенсионерлер – бардыгы колдоо табууда.

Акыркы жылдары бул тармакта иштеген кызматкерлердин жардамы менен жакырчылыкты жоюуда мамлекет социалдык жана пенсиялык камсыздоо системасын өркүндөтүп, колдоого муктаж жарандардын корголбогон категорияларына чоң көңүл буруп жатат.

Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде кошумча колдоо көрсөтүү максатында долбоордун катышуучуларына 200 миң сомдон пайызсыз насыя берүү башталды.

Ата-энесинин камкордугусуз калган ар бир балага 18 жашка толгондо 500 000 сомдон кем эмес суммадагы “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилди.

Акыркы үч жылда пенсия олуттуу түрдө жогорулоодо. Быйыл пенсия 2 этап менен жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү дээрлик 2 эсеге өстү.

Урматтуу социалдык чөйрөнүн жана кесиптик бирликтер кызматкерлери!

Сиздердин ажат ачкан эмгегиңиздер коомчулук тарабынан дайыма жогору бааланып, урмат-сыйга ээ боло беришиңиздерге тилектешмин.

Ак ниет менен аткарган ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштосун! Сиздерге күч-кубат, чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм».

Пикир

Оставить комментарий